18 марта 2021
Эртең Кыргызстанга Кытай берген COVID-19га каршы 170 миң доза вакцина жеткирилет. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев айтты.
Анын айтканына караганда, бул партиядагы вакцина 75 миң кишиге жетет.
Бейшеналиев муну менен катар эле Кыргызстанга Россиядан жана COVAX программасынын алкагында гуманитардык жардам катары вакцина келерин кошумчалады.