ТИМ: жакында Екатеринбург — Тамчы аба каттамы ачылат

18 марта 2021 ТИМ: жакында Екатеринбург — Тамчы аба каттамы ачылат

Екатеринбург — Тамчы — Екатеринбург аба каттамын ачуу үчүн алдын ала сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Бул аракеттердин негизги максаты туристтик агымды көбөтүү экени айтылууда.

Сүйлөшүү Кыргызстандын Екатеринбургдагы Генералдык консулдугу менен "Уральские авиалинии" авиакомпаниясынын жетекчилигинин ортосунда болду. 

Тараптар жай айларында аталган шаардан Бишкек жана Ошко каттамдарды көбөйтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. ТИМден кошумчалашкандай, Екатеринбургдан Тамчыга алгачкы учак жакын арада учуп келет.


sputnik