Путин менен Жапаров "Жер-Үй" алтын комбинатын ачты

18 марта 2021 Путин менен Жапаров "Жер-Үй" алтын комбинатын ачты

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Россия лидери Владимир Путин менен Таластагы "Жер-Үй" алтын иштетүү фабрикасын ачышты. Путин иш-чарага видеоконференция форматында катышты.

Эки өлкөнүн башчыларынан тышкары, иш-чарага россиялык "Альянс тобунун" президенти Муса Бажаев менен ВТБ банкынын башкармалыгынын төрагасы Андрей Костин катышты.

Бажаев эки лидердин уруксаты менен фабриканы расмий түрдө ишке киргизди.

Көлөмү жагынан бул инвестиция Кыргыз-Россия кызматташтыгынын тарыхындагы эң ири долбоор болуп эсептелип, суммасы 600 миллион долларга жетет. Кенден жылына беш тонна алтын өндүрүү пландалып жатат.

Эске салсак, 2020-жылдын 6-октябрында Жер-Үй алтын кениндеги "Альянс Алтын" компаниясы белгисиз адамдар кирип барганына байланыштуу ишин токтоткон. Быйылкы жылдын башында ошол кездеги премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков "Альянс Алтын" компаниясынын жетекчиси менен жолугушуп, инвестор, өкмөт жана жергиликтүү тургундардын ортосундагы талаш маселелер жөнгө салынганын билдирген.

Жер-Үй — Кыргызстандагы эң ири кендердин бири. Анда 100 миң тоннага чукул алтын бар экени белгилүү.


sputnik