Жанылыктар

Бизнесмендерге чыккан туумдар, салык санкциялары жоюла турган болду. Шарттары

Кыргызстандагы ишкерлер эгерде салык жана камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча топтолуп калган негизги карызын төлөсө, алар үчүн чыккан туумдар менен салыктык санкциялар жоюлат. Бул туурасында Экономика жана финансы министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

23 марта 2021
АКШ: Колорадодо дүкөндөн 10 адам атып өлтүрүлдү. Шектүүнү колго түшүргөн видео

РИА Новостиге жарыяланган видеодо көрүнүп тургандай, укук коргоо органдары жылаңачтанган шектүүнүн колун бууп, кармап баратышат. Ак үйдүн маалымат катчысы Жен Псаки АКШ президентине окуя тууралуу кабар берилгенин белгиледи.

23 марта 2021
"Каддафи буларды алдын ала көрө билген": Ливияда интервенттер эмне уюштурушкан?
"Каддафи буларды алдын ала көрө билген": Ливияда интервенттер эмне уюштурушкан?

Жүздөгөн бомба жана ракеталар, миңдеген шейиттер, батыштын аскердик машинасынын толук үстөмдүгү... Он жыл мурун, тагыраак, 2011-жылдын 19-мартында НАТО өлкөлөрүнүн армиясы Ливиядагы жарандык согушка кийлигишкен.

23 марта 2021
УКМК төрагасы Ташиев чек ара көйгөйүн талкуулоо үчүн Ташкентке учуп кетти
УКМК төрагасы Ташиев чек ара көйгөйүн талкуулоо үчүн Ташкентке учуп кетти

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев башында турган өкмөттүк делегация кыргыз-өзбек чек арасындагы делимитация жана демаркация кылынчу тилкелер боюнча маселени талкуулоо үчүн Ташкент шаарына учуп кетти. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

23 марта 2021
Кувейтте стюардесса болуп иштеген Мээрим: каттам сайын суроо берип текшеришет
Кувейтте стюардесса болуп иштеген Мээрим: каттам сайын суроо берип текшеришет

Ысык-көлдүк Мээрим Калкаманова борбор калаадагы университеттердин бирин кызыл диплом менен аяктап, андан соң аспирантурада окуп, илим менен кетүүгө аракет кылган. Бирок лингвист чет өлкөдө башка кесипти аркалаганга аргасыз болгон.

23 марта 2021
Баткендин ЖКККБ жетекчиси адам өлтүрүүгө буйрук берген деп шектелүүдө. Чоо-жайы
Баткендин ЖКККБ жетекчиси адам өлтүрүүгө буйрук берген деп шектелүүдө. Чоо-жайы

Кармалган милиция кызматкери Бишкектеги убактылуу кармоо жайына алып келинген. Тергөөчүлөр Жазык кодексинин 39-беренесинин ("Киши өлтүрүүгө аракеттенүү") негизинде кылмыш ишин козгошкон.

23 марта 2021
Трамп Байдендин учакка чыгып бара жатып жыгылганы боюнча үн катты
Трамп Байдендин учакка чыгып бара жатып жыгылганы боюнча үн катты

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп азыркы ажо Жо Байдендин учакка чыгып бара жатып жыгылган окуясы боюнча үн катты. Анын сүйлөгөн сөзү TikTok тармагына жарыяланганын РИА Новости жазды.

23 марта 2021
"Барымтадагы" балалык кыял, бактысыз коом. Адам кесипти тандайбы же кесип адамдыбы
"Барымтадагы" балалык кыял, бактысыз коом. Адам кесипти тандайбы же кесип адамдыбы

Максат демекчи, учурда аны туура койгонду да дурусураак билбейбиз. Улуу муундагылар тилек, максат, каалоо жакшы нерсеге гана багытталышы керектигин көп айтышат. Психологдор деле ойдон негативди чыгарып, кыялыңда эңсеген нерсени күндө элестетип тургула деген сунушун берип жатпайбы. Ушул жерден мындан 10 жыл мурун болгон окуя эске түшөт. Мектепти аяктап, айылдан түйүнчөгүмдү түйүп, борбор калаага аттандым. Мен сыңары шаарга бараткан автобустагы жигиттин баарлашуусу азырга чейин эсимде калыптыр:

23 марта 2021
Ошто айдоочусу жок унаа сайга кулап, 1,5 айлык ымыркай чарчап калды
Ошто айдоочусу жок унаа сайга кулап, 1,5 айлык ымыркай чарчап калды

Ош шаарынын четиндеги Тюльпан дачасында жол четинде токтоп турган унаа 150 метр бийиктиктен сайга кулап, 1,5 айлык наристе чарчап калды. Бул тууралуу Ош ШИИБи боюнча Милициянын кайгуул кызматынын башчысы Альберт Абдыкеримов билдирди.

22 марта 2021
Мойт аке тууралуу 10 факты. Элге эки кылым кызмат кылган батасы
Мойт аке тууралуу 10 факты. Элге эки кылым кызмат кылган батасы

Мүнөзү, өнөрү. Токтоо, пайымдуу, адамды какпаган, ырыс көтөрө билген, чечен, санжыра санаттап салмактуу кеп айткан, батакөй киши болгон. Мүнүшкөрлүк, саяпкерлик өнөрү болгон. Ат оюндарында калыс сөзүн айтып турган. Тамыр кармап, табыпчылык кылгандыгы, далычылыгы да айтылат. Малга да, адамга да сын берген, көрөсөн, олуя киши катары сыпатталат.

22 марта 2021
Бишкекте толгоосу башталган келинди милиционерлер төрөтканага жеткиришти
Бишкекте толгоосу башталган келинди милиционерлер төрөтканага жеткиришти

Окуя бүгүн, 22-март күнү, түнкү 03:00дөр чамасында Жибек жолу проспектиси менен Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда инспекторлор кызмат өтөп жатканда таксинин айдоочусу машинанын ичинде төрөтү башталган аялды тезинен ооруканага жеткирүүгө жардамдашып коюуну өтүнгөн.

22 марта 2021
MegaCom интернет эмнеге үзгүлтүккө учураганын түшүндүрдү
MegaCom интернет эмнеге үзгүлтүккө учураганын түшүндүрдү

MegaCom бренди менен таанымал "Альфа-Телеком" ЖАКсы кыргызстандыктар эмне себептен интернетсиз калганын түшүндүрдү. Буга чейин аталган компаниянын абоненттери интернети иштебей жатканын айтып кайрылышкан.

22 марта 2021
Байдендин ордун Харрис басабы? АКШда президенттик так кызуу талкуу жаратууда
Байдендин ордун Харрис басабы? АКШда президенттик так кызуу талкуу жаратууда

"Бардыгы алдын ала ойлонуштурулган. Байден максатка жетүүнүн каражаты — троян аты сыяктуу болгон. Акыр аягы ал өлкөнү төрт жыл бою башкара албай турганы жарыяланып, ордун орун басары Харрис ээлейт. Башында эле аны президент катары көргүсү келишкен", — деп жазган MassiveMemberClub.

22 марта 2021
"Достук" командасы калыстарга нааразы. Жеңилбес улакчылардын талашы эмнеде
"Достук" командасы калыстарга нааразы. Жеңилбес улакчылардын талашы эмнеде

Бүгүн Нооруз майрамынын урматына Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда ат оюндары өттү. Бүйүр кызыткан көк бөрү оюну да тартууланып, жогорку лиганын финалында илгертеден атаандаш болуп келген Ош облусунун "Достук" жана Таластын "Ынтымак" командалары кездешти. 

22 марта 2021
Кол жоолук кылыштыбы? Байденди жардан түрткөндөр
Кол жоолук кылыштыбы? Байденди жардан түрткөндөр

Ак үй акыры Жо Байдендин алгачкы маалымат жыйыны кайсы күнү өтөрүн айтышты. Иш-чара 25-мартка белгиленген. Бул чындап эле чоң окуя. Тагыраак, аны ушундай деңгээлге азыркы вашингтондук администрация чыгарды.

22 марта 2021
Кыргыз баланын сөөгүн тик учакка жүктөп. Афганистандан Кувейтке кеткен Берметтин баяны
Кыргыз баланын сөөгүн тик учакка жүктөп. Афганистандан Кувейтке кеткен Берметтин баяны

Мекендешибиз Бермет Карагулова бир нече жылдан бери Кувейт мамлекетинде жашап, иштеп келет. Ага чейин согуштук аракеттер жүргөн Афганистандын Кандагар шаарына жакын жердеги америкалык аскер базада эмгектенип калган.

22 марта 2021
Үч түрдүү бата дароо кабыл болот деген ишеним болгон. Кыргыз таануучу менен маек
Үч түрдүү бата дароо кабыл болот деген ишеним болгон. Кыргыз таануучу менен маек

Кыргыз бата алууга өзгөчө маани берип, уул-кызына калкка кадыры сиңген инсандардан бата алып берүүгө далалаттанган. Бата берүүнүн, бата алуунун так белгиленген, эч жерде жазылбаган эрежелери болгон. Алар ар бир кыргыз менен кошо жаралып, сөөгү менен кошо узаган.

22 марта 2021
Талаш жерден тажикстандыктардын шагыл алышына КР чек арачылары жол берген эмес
Талаш жерден тажикстандыктардын шагыл алышына КР чек арачылары жол берген эмес

Бүгүн Лейлек районунун Кулунду айылындагы кыргыз-тажик чек арасына жакын жайгашкан "Плотина" деп аталган такталбаган тилкеге тажикстандыктар шагыл алганга кирген. Бул туурасында УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлашты.

22 марта 2021
Эгиздин түгөйүн учакта Бишкектен Стамбулга кетип бараткан депутат сактап калды
Эгиздин түгөйүн учакта Бишкектен Стамбулга кетип бараткан депутат сактап калды

Бөбөктү сактап калган Түркиянын Улуттук Улуу Жыйынынын (Парламент) депутаты, доктор Режеп Шекер аттуу адам болгон. Анын айтымында, Анкарага жарым сааттай калганда бортто дарыгер бар экендигин билген стюардессалар баланы көтөрүп келишкен.

22 марта 2021
Кыргызстанда алган айлыгымды айтуудан уялдым. Гобоист Кубанычбек Жусуповдун маеги
Кыргызстанда алган айлыгымды айтуудан уялдым. Гобоист Кубанычбек Жусуповдун маеги

Кыргызстанда маданияттын кайсы тармагы болбосун мыкты адистерди, таланттарды кезиктиребиз. Бирок алар бааланмак турсун, айрым учурда иштөөгө ойдогудай шарттын жоктугунан жана маянанын аздыгынан улам өлкөдөн кетүүгө аргасыз болууда.

22 марта 2021
ЖК депутатына кылмыш иши козголду. Сөз Марат Аманкулов тууралуу болушу мүмкүн
ЖК депутатына кылмыш иши козголду. Сөз Марат Аманкулов тууралуу болушу мүмкүн

Такталгандай, эл өкүлү саясий ишмердүүлүгүнүн жүрүшүндө кымбат баалуу кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө ээ болуп, анын жалпы суммасы расмий кирешесинен бир нече эсе жогору болгону айтылат.

19 марта 2021
Бишкекти бошотуш керек. Марипов жаңы шаар куруу идеясын сунуштады
Бишкекти бошотуш керек. Марипов жаңы шаар куруу идеясын сунуштады

Премьер-министр Улукбек Марипов "Бишкек башкы архитектурада" өткөн көчмө жыйында референдумдан кийин Кыргызстанда жаңы шаар куруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуш кылды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

19 марта 2021
Мыйзамсыз байыды делген ЖК депутатынын мүлкүнүн тизмеси жана сүрөттөрү
Мыйзамсыз байыды делген ЖК депутатынын мүлкүнүн тизмеси жана сүрөттөрү

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети эл өкүлүнүн байлыгын жарыялады:

19 марта 2021
Марипов: ТЭЦ-2 ишке кирсе 400 үй-бүлөнү көчүрүүгө туура келет
Марипов: ТЭЦ-2 ишке кирсе 400 үй-бүлөнү көчүрүүгө туура келет

Бишкектин четиндеги ТЭЦ-2 ишке кире турган болсо 400дөй үй-бүлөнү көчүрүүгө туура келет. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов "Бишкек башкы архитектуранын" көчмө жыйынында билдирди.

19 марта 2021
Бишкекте Абхазиянын номери тагылган автоунаалар кармалууда
Бишкекте Абхазиянын номери тагылган автоунаалар кармалууда

Учурда рейд жүрүп жатат, Абхазиянын мамлекеттик номери тагылган автоунаалардын бардыгы айып короого киргизилет. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

19 марта 2021
Бишкекти эмнеге айлантып салдыңар? ӨКМ башчысы "элитный" үй кургандарга бир тийди
Бишкекти эмнеге айлантып салдыңар? ӨКМ башчысы "элитный" үй кургандарга бир тийди

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Бишкек шаарында салынып жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн сапатына нааразы болуп, көчмө жыйында курулуш компания жетекчилерине бир тийди.

19 марта 2021
Өзгөндө автоунаа аткыланып, эки киши каза болду. Шектүүлөр изделүүдө
Өзгөндө автоунаа аткыланып, эки киши каза болду. Шектүүлөр изделүүдө

Өзгөн районунда эки адамды атып өлтүрдү деп шектелгендер изделүүдө. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев кабарлады.

19 марта 2021
Жеңилдиктердин мөөнөтү бүттү. Россиядагы элчилик эмгек мигранттарына кайрылды
Жеңилдиктердин мөөнөтү бүттү. Россиядагы элчилик эмгек мигранттарына кайрылды

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги пандемияга байланыштуу эмгек мигранттарына берилген жеңилдиктердин мөөнөтү аяктаганына байланыштуу РФ аймагында жүрүүсүн мыйзамдаштырып алууга чакырды.

19 марта 2021
Баткен жана Согди облустарынын башчылары бир пикирге келишти. Сүрөт
Баткен жана Согди облустарынын башчылары бир пикирге келишти. Сүрөт

17-18-мартта өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев менен Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода жана эки облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилери Тажикстандын Гулистан шаарында жолугушту.

19 марта 2021
Дүйшөнкулова: адам күн сайын 400 граммдай жашылча-жемиш жеши керек
Дүйшөнкулова: адам күн сайын 400 граммдай жашылча-жемиш жеши керек

Беттин шишиши, көздүн алдындагы кара так, чач түшүп, тырмактын морт болушу, кубаруу, колу-буттун уктап калышы жана денеде пайда болгон көгала тактар организмде витаминдин жетишсиздигинин белгиси. Ошондой эле бет түлөп же безеткилердин чыгышы да витамин жетпегенден болот. Бул тууралуу Марина Дүйшөнкулова билдирди.

19 марта 2021
Акаев тактан кантип тая баштаган? Түштүктө "жоогазын ыңкылабын" даярдашкандардын баяны
Акаев тактан кантип тая баштаган? Түштүктө "жоогазын ыңкылабын" даярдашкандардын баяны

Ошол кездеги өлкө башчысы Аскар Акаевдин башкаруусуна каршы чыккандардын көпчүлүгү 2004-жылы Жогорку Кеңештин шайлоосуна катышып, өтпөй калган талапкерлер жана аймактагы жаштар болгон. Ошондой эле шайлоо жараянынан улам катышууга мүмкүнчүлүк ала албай калган Роза Отунбаева, Медетбек Шеримкулов, Үсөн Сыдыков сыяктуу саясатчылар бар болчу.

19 марта 2021
Министр КРде COVID-19га каршы вакцина акы төлөгөн учурда канча турарын айтты
Министр КРде COVID-19га каршы вакцина акы төлөгөн учурда канча турарын айтты

Коронавируска каршы акы төлөп алынчу вакцинанын баасы Кыргызстанда элге жеткиликтүү болот. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

19 марта 2021
Медресе окуучуларынын жаран катары калыптануусу кандай болууда. Изилдөө
Медресе окуучуларынын жаран катары калыптануусу кандай болууда. Изилдөө

Бишкек шаарында "Кыргызстандагы медресе окуучуларынын жарандык иденттүүлүгүнүн калыптануусунда диний билим берүү мекемелеринин ролу" аталышындагы изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча иш-чара өтүүдө

18 марта 2021
Бала компьютердик клубда эмес, спорт аянтчасында ойносун. Новиковдун тапшырмасы
Бала компьютердик клубда эмес, спорт аянтчасында ойносун. Новиковдун тапшырмасы

Билим берүү жана илим министрлиги биринчи вице-премьердин катышуусунда өлкөнүн ар аймагындагы мугалимдер менен видеоконференция өткөрүүдө. Анда Новиков 1-сентябрдан тарта "Мектеп лигасы" деген аталыштагы долбоор ишке киргизилерин белгиледи.

18 марта 2021