Ошто айдоочусу жок унаа сайга кулап, 1,5 айлык ымыркай чарчап калды

22 марта 2021 Ошто айдоочусу жок унаа сайга кулап, 1,5 айлык ымыркай чарчап калды

Ош шаарынын четиндеги Тюльпан дачасында жол четинде токтоп турган унаа 150 метр бийиктиктен сайга кулап, 1,5 айлык наристе чарчап калды. Бул тууралуу Ош ШИИБи боюнча Милициянын кайгуул кызматынын башчысы Альберт Абдыкеримов билдирди.

Анын айтымында, унаада айдоочу жок болгон. Машина токтоп турган жеринен жылып кетип сайга кулаган. Айдоочу унаанын артынан чуркап, бирок токтотуп кала алган эмес. Окуя Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине кокустук деп катталган.

"Унаанын ичинде алты бала болгон. Үчөө кичине, дагы үчөө чоңураак курактагылар. Токтоп турган Daewoo Tiko кокусунан жылып кетип, 150 метр бийиктиктен сайга кулап кеткен. Жабыркагандардын үчөө Ош облустар аралык бириккен клиникалык балдар ооруканасына жеткирилген. Ал эми эки чоңураак баланын бири нейрохирургия, экинчиси травматология бөлүмүндө дарыланып жатат. 1,5 айлык ымыркай, тилекке каршы, чарчап калган", — деди Абдыкеримов.

Алдын ала маалымат боюнча, кырсыктагандар түлөөгө барышкан.


sputnik