Марипов: ТЭЦ-2 ишке кирсе 400 үй-бүлөнү көчүрүүгө туура келет

19 марта 2021 Марипов: ТЭЦ-2 ишке кирсе 400 үй-бүлөнү көчүрүүгө туура келет

Бишкектин четиндеги ТЭЦ-2 ишке кире турган болсо 400дөй үй-бүлөнү көчүрүүгө туура келет. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов "Бишкек башкы архитектуранын" көчмө жыйынында билдирди.

"Мен картадан карап көрдүм, ТЭЦ-2нин 40 гектардай аймагына жаңы конуштар түшүптүр. Эгер биз жылуулук борборун ишке киргизсек, 400дөй үйдү (үй-бүлө – ред.) көчүрүүгө туура келет. Бул чоң көйгөй. ТЭЦтин оң жагында карьер бар, текшерүүчү органдар тийиштүү жерлерге көз салса жакшы болмок", — деди ал.

ТЭЦ-2 Бишкектин түндүк-батышында, Сокулук районунда жайгашкан. Анын курулуш иштери 1986-жылы башталып, кийин токтоп калган. 2019-жылы өкмөт бул ТЭЦти калыбына келтирүү маселеси каралып жатканын билдирген. Ал эми экс-мэр Азиз Суракматов Sputnik Кыргызстан агенттигине берген маегинде ТЭЦ-2ни реконструкциялоо жана модернизациялоону тездетүү зарылдыгын билдирип, ишкана газ менен иштеши керектигин кошумчалаган.


sputnik