22 марта 2021
Бишкекте милициянын Кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкерлери толгоосу бышып калган аялга жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу аталган кызмат кабарлады.
Окуя бүгүн, 22-март күнү, түнкү 03:00дөр чамасында Жибек жолу проспектиси менен Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда инспекторлор кызмат өтөп жатканда таксинин айдоочусу машинанын ичинде төрөтү башталган аялды тезинен ооруканага жеткирүүгө жардамдашып коюуну өтүнгөн.
"Милициянын сержанты Шабдан Турганбай уулу менен милициянын старшинасы Алдаяр Өмүрбек тез аранын ичинде аялды кайгуул унаасына салып алып төрөтканага жөнөгөн", — деп айтылат маалыматта.
Келиндин туугандары аял көз жарганын айтып, милиционерлерге жардамы үчүн терең ыраазычылык билдиришкен.