Медресе окуучуларынын жаран катары калыптануусу кандай болууда. Изилдөө

18 марта 2021 Медресе окуучуларынын жаран катары калыптануусу кандай болууда. Изилдөө

Бишкек шаарында "Кыргызстандагы медресе окуучуларынын жарандык иденттүүлүгүнүн калыптануусунда диний билим берүү мекемелеринин ролу" аталышындагы изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча иш-чара өтүүдө. Бул туурасында Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Бишкек шаарында "Кыргызстандагы медресе окуучуларынын жарандык иденттүүлүгүнүн калыптануусунда диний билим берүү мекемелеринин ролу" аталышындагы изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча иш-чара өтүүдө.

"Изилдөөнүн негизги максаты, биринчиден, медреселердин студенттерин Кыргыз Республикасынын жарандары катары өзүн-өзү таануусун талдоо. Экинчиден, алардын тарбиялануучуларынын жарандык иденттүүлүгүн калыптандыруудагы медреселердин ролун изилдөө", — деп айтылат маалыматта.

Сурамжылоо республикалык масштабда жүргүзүлүп, жети облуста, Бишкек, Ош шаарларында өткөрүлгөн. Баш-аягы 55 медресени камтып, медреселердин жетекчилиги жана мугалимдеринен 72 эксперттик интервью алынган. Мындан тышкары, окуучулар арасында 751 сурамжылоо жүргүзүлүп, медреселердин инфраструктурасы боюнча 61 байкоо карточкасы толтурулган.

"Изилдөөнүн жыйынтыгы диний билим берүүнү стандартташтырууда, медресе окуучуларынын коомго социалдык интеграцияланышына жана экстремисттик идеологиянын алдын алуу менен байланышкан социалдык-инклюзивдик, гендердик сезимталдык, адам укуктары жаатындагы саясатты жана программаларды иштеп чыгуу үчүн колдонулат", — деп билдиришти аталган комиссиядан.

Изилдөө долбоору Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясына караштуу Диний кырдаалды изилдөө борбору БУУнун Аялдар түзүмүнүн өнөктөштүгүндө жүзөгө ашырылган.

sputnik