Fox News телеканалынын көрүүчүлөрү АКШ президенти Жо Байден кызматынан ден соолугуна байланыштуу эрте кетет деген оюн билдиргенин РИА Новости жазды.
Алардын пикиринде, Байдендин өлкө лидерлигине талапкерлиги жөн жерден көрсөтүлгөн эмес жана анын ордун жакын арада вице-президент Камала Харрис басышы мүмкүн.
"Бардыгы алдын ала ойлонуштурулган. Байден максатка жетүүнүн каражаты — троян аты сыяктуу болгон. Акыр аягы ал өлкөнү төрт жыл бою башкара албай турганы жарыяланып, ордун орун басары Харрис ээлейт. Башында эле аны президент катары көргүсү келишкен", — деп жазган MassiveMemberClub.
Комментарий калтыргандардын айрымдары Байден АКШнын саясий турмушунда чечүүчү ролду ойнобой калганын айтышкан.
"Демократтар анын ден соолугу жакшы эместигин билип туруп пайдаланып кетишти. Биринчи канайым болгусу келген аялы дагы аны аяп койгон жок. Демократтар мындан ары дагы Байденге жакшылык кылышпайт, болушунча пайдаланып туруп таштап кетишет", — деген Jeisele.
BidenDestroysAmerica аттуу колдонуучу партиянын президентке жасаган мамилесин кылмышка тете деген.
Буга чейин АКШ президенти Жо Байден учакка чыгып бара жатып бир нече ирет чалынып, андан кийин тизелеп отуруп калган. Ак үй Байдендин абалы 100 пайыз жакшы экенин кабарлап, АКШ президентинин учакка чыгуусун катуу шамал кыйындатканын айткан.