Баткен облусу Тажикстандын Согди облусу менен кызматташуу боюнча протоколго кол коюлду. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы билдирди.
17-18-мартта өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев менен Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода жана эки облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилери Тажикстандын Гулистан шаарында жолугушту.
Тараптар чек аралаш аймакта акыркы убакта болгон окуяларды, эки жактан тең чек арадан мыйзамсыз өткөн жарандардын маселесин талкуулашты. Ошондой эле буга чейинки кол коюлган протоколдор менен укуктук-ченемдик документтерди аткаруу жагын белгилешти.
Бул жолугушууда эки облустун ортосундагы чек арага байланышкан маселелерди чечүүнү тездетүү, аймакта коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, кошуна элдердин ынтымагын бекемдөө менен чектеш аймактардын кызматташуусун жакшыртууга өзгөчө маани берилди.
Жыйынтыгында тараптар облустар аралык кызматташуу боюнча 10 пункттан турган протоколго кол коюшту:
- буга чейинки Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөр аралык комиссиясы тарабынан бекитилген макулдашуулар, келишимдер жана протоколдорду аткарууну тийиштүү органдарга тапшыруу;
- Баткен, Лейлек жана Исфара, Бабоджон Гафуров райондорунун жетекчилери, чектеш айыл аймак башчылары, жергиликтүү кеңештин депутаттары чек аралаш аймакта чыр-чатактардын алдын алуу боюнча үзгүлтүксүз түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
- укук коргоо органдары тарабынан коомдук тартипти жана коопсуздукту сактоону активдештирүү;
- чек аралаш аймактагы маселелерди чечүү боюнча жумушчу топ түзүү;
- терроризм, экстремизм менен күрөшүү боюнча биргеликте иш алып баруу, аткезчиликке бөгөт коюу максатында эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
- чек аралаш аймактагы соода жүргүзүүнү жөнгө салуу;
- суу ресурстарын пайдаланууда буга чейинки документтердин алкагында кызматташууну активдештирүү;
- жайыт жерлерди пайдалануу боюнча макулдашууларды кароо;
- Чек аралаш аймактын жашоочуларынын ортосунда маданий, спорттук жана башка массалык иш-чараларды уюштуруу;
- Эки тарап мындан ары облустар аралык кызматташууну жандантуу, жаралган көйгөйлөрдү бир тууган, кошуна эл катары сүйлөшүү жолу менен чечүүгө ишеним артарын билдиришти.
Жолугушууда пандемияга байланыштуу чек аралардын жабылышы жергиликтүү элдин турмушуна кыйынчылыктарды жаратканы белгиленди. Мындан улам конкреттүү кадамдарга баруу керектиги боюнча орток пикирге келишти. Облус башчылары пандемия шартында жашоого, кызматташууга үйрөнүү учурдун талабы экенин белгилешти. Мындан улам Лейлек районундагы "Кулунду", "Кайрагач", Баткен районундагы "Кызыл-Бел" көзөмөл-өткөрүү жайларын ачуу, жандантуу, жогорку бийлик органдарына сунуш берүү жагы макулдашылды.
Ошол эле учурда чек аралаш аймакта аткезчилик аракеттери күч түзүмдөрү тарабынан дыкат көзөмөлгө алынары, мыйзамсыз иштерге катуу чара көрүлөрү айтылды.