Ош шаарында конок үйлөрдүн биринде жайгашкан бассейндеги белгисиз затка ууланган жети өспүрүм жана эки киши ооруканага түштү. Бул кабарды Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы тастыктады.
31 марта 2021Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришкендей, республикадагы бардык фармацевтикалык компанияларынын жетекчилери менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, тармакты реформалоо жана дары-дармекке карай бааларды турукташтыруу боюнча мындан аркы кадамдар аныкталды.
31 марта 202129-мартта, "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматы беш өлкө (Түркия, Казакстан, Өзбекстан, Бириккен Араб Эмирлиги жана Кытай) Кыргызстан менен туруктуу авиакаттамдарынын санын көбөйткөнүн кабарлаган.
31 марта 2021Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган ведомствонун маалымат кызматы билдирди. Ал кызматка бүгүн дайындалганы белгилүү болду.
31 марта 2021Бишкек шаарынын Ленин районунун мурдагы акими Чынасыл Чыныбаев үй камагына чыкты. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун маалымат катчысы Айзада Момунова билдирди.
30 марта 2021Пакистандын президенти Ариф Алви эмделгенине карабастан коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу ал өзүнүн Twitter баракчасындагы постунда жазды. Өлкө башчысы коомчулукту сак болууга чакырган.
30 марта 2021Министрлик бүгүнкү күндө Кыргызстанда электр энергиясына болгон тариф дүйнө боюнча эң төмөн экенин белгилейт. Мындан улам энергосекторду реформалоо боюнча капиталдык программага жана энергетика тармагын өнүктүрүүгө тийиштүү өлчөмдө каражат бөлүнбөй жатканы айтылат.
30 марта 2021Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев "COVID менен өткөн бир жыл: бүгүнкү муунга апааттын кесепетин жоюу үчүн билим берүүнү калыбына келтирүү боюнча приоритет" деген темадагы онлайн-кеңешмеге катышты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.
30 марта 2021Сыймык Жапыкеев Ысык-Көл облусунун прокурору болуп дайындалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.
30 марта 20211-апрелден тарта Бишкекте 1, 2, 3, 4, 5, 9, 11-класстын окуучулары кадимки тартипте мектепке барып окушат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
30 марта 2021Ак канга чалдыккан кичинекей кыргызстандык кыз Айлин кечээ, 29-мартта, операциядан кийин чарчап калды. Бул тууралуу үй-бүлөнүн жакындары билдирди.
30 марта 2021"Аскер госпиталына кечки саат 8дерде алып барып жаткырдык. Кызымдын маңдайы жарылган жерин убагында тигип коюшса болмок экен. Эми анысы тырык болуп калышы мүмкүн деп жатышат. Бул кыз бала, ырчы үчүн оор тиет. Ырчыларды алып барган Генералдык штабга жана медиктерге аябай нааразы болуп жатабыз", — деди ырчынын апасы.
30 марта 20211-апрелден тарта Бишкекте соода борборлорундагы балдар аянтчалары жабылат. Бул тууралуу вице-мэр Айжан Чыныбаева брифинг учурунда билдирди.
30 марта 2021Бишкек шаардык прокуратурасы жалпы баасы 95 миллион 361 миң сомду түзгөн мүлктү мамлекеттин менчигине кайтарды. Бул туурасында Башкы көзөмөл органынын маалымат кызматы кабарлады.
30 марта 2021Түндүк Корея лидеринин карындашы Ким Ё Чжон Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Инге катуу кыжырланып, "АКШнын тоту кушу" деп атады. Бул тууралуу жергиликтүү Борбордук телеграф агенттигине шилтеме берип РИА Новости жазды.
30 марта 2021Былтыркы жылы Кыргызстан кара металлдын 79,4 миң тонна калдыгын жана сыныгын экспорттогон. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен кабарлашты.
30 марта 2021Куткаруу кызматына күбөлөр саат 6:02де каналдын Алматы көчөсү менен кесилишкен жерине жеңил автоунаа түшүп кеткенин айтышкан. Атайын техниканын жардамы менен машина суудан тартып чыгарылды. Кырсыктан жабыркагандар жок, унаа Кайгуул милициянын кызматкерлерине өткөрүп берилген.
30 марта 2021Ош облусунун Ноокат шаарында жашаган 10 миңден ашуун тургунду ичүүчү суу менен камсыздоо үчүн Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан 4,8 миллион евро алынууда. Аталган макулдашуунун долбоору парламенттин Бюджет жана финансы комитетинин кароосуна киргизилди.
30 марта 2021Коргоо министрлигинде президент Садыр Жапаровдун буйруктары менен бир нече дайындоолор болду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.
30 марта 2021Аламүдүн районундагы айылдардын биринде асфальт төшөөдө колдонулган тракторду уурдап кетишкен. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан кабарлашты.
30 марта 2021Жыйын учурунда БШК өкүлүнүн айтканына караганда, Жогорку сот БШКнын Текебаевге депутаттык мандатын кайтаруу тууралуу токтомун жараксыз деп тапкандыктан, депутаттык мандат "Ата Мекен" партиясында тизме боюнча кийинки турган, Мамлекеттик мүлк фондунун мурдагы жетекчиси Шералы Абдылдаевге берилет.
30 марта 2021Төкмө акындардын республикалык айтышы жогорку деңгээлде өттү. Аталган айтышта 12 акын күч сынашкан. Анда финалга чыккан Баян Акматов 1-орунду (150 миң сом), Акмат Султан уулу 2-орунду (100 миң сом), үчүнчү орунду Тынчтык Эсенбай уулу (50 миң сом) ээледи.
30 марта 2021Бизнесмен, ИИМдин мурдагы кызматкери мамлекетке келтирген зыяндын ордун толтуруу үчүн 100 миллион сом которду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
30 марта 2021Кыргызстандан кара металлдын сыныктарын жана калдыктарын, кара металлдын куймасын Евразия экономикалык бирикмесинин бажы аймагынан сыртка ташып чыгарууга тыюу салынат. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
30 марта 2021Буга чейин премьер-министр Улукбек Марипов эң маанилүү 16 товардын 12синин баасынын өсүшү токтобосо, мамлекеттик жөнгө салуу ыкмасын киргизүүгө мажбур болорун, бирок ага жеткирбей бааларды түшүрүү керектигин айткан эле.
29 марта 2021Бишкекте өтүүчү дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионатына 32 өлкөнүн спортчулары катышат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматы билдирди.
29 марта 2021Кыргызстандын Avia Traffic авиакомпаниясы Россиянын шаарларына ачкан каттамын кайрадан токтотту. "Манас" эл аралык аэропорту мунун себеби эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу экенин билдирди.
29 марта 20211-3-апрель күндөрү өтүүчү "Коопсуздук-2021" аталышындагы машыгууларга байланыштуу Баткен шаарына жана Баткен районуна коменданттык саат киргизилет. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Дамира Юсупова билдирди.
29 марта 2021Куралдуу күчтөрдүн борбордук үйүнөн өлкөнүн түштүк регионуна концерт койгону бара жаткан аскер кызматкери жол кырсыгынан каза болду. Бул тууралуу Борбордук штабдын маалымат кызматы кабарлады.
29 марта 2021Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жана өкмөттүн чек ара боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев чек ара аймактарында жашаган калкка маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
29 марта 2021Бишкек шаарынын Ленин районунун акими Чынасыл Чыныбаев кызматтан бошотулду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди. Тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов кол койгон.
29 марта 2021Бишкекте 1-апрелден тарта беш көчөдө жана Мурас-Ордо конушунун кире беришинде оңдоо иштери башталат. Көпүрө куруу дагы пландалууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
29 марта 2021Кыргызстандан жети өлкөгө туруктуу авиакаттамдар ачылып, кээ бирлеринин саны көбөйтүлдү. Бул туурасында "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматы кабарлады.
29 марта 2021Улуттук банктын берген маалыматына караганда, бүгүнкү күндө өлкөдөгү 23 банктын ичинен 10 банктын мобилдик банкинги бар. 2021-жылдын март айында бул системага дагы бир банкты кошуу пландалып жатат. Анткен менен сурамжылоо учурунда көпчүлүк банктар МБ бар экенин билдиришти. Төмөндө алардын тизмеси:
29 марта 2021