Бишкек: 1-апрелден тарта соода борборлорундагы балдар аянтчалары жабылат

30 марта 2021 Бишкек: 1-апрелден тарта соода борборлорундагы балдар аянтчалары жабылат

1-апрелден тарта Бишкекте соода борборлорундагы балдар аянтчалары жабылат. Бул тууралуу вице-мэр Айжан Чыныбаева брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, ордо калаада эпидемиологиялык абал начарлап жатат, мындан улам убактылуу чараларды киргизүүгө туура келет. Ал кечээ Бишкекте 53 адамдан коронавирус табылганын кошумчалаган.

"Соода борборлорундагы балдар аянтчалары азырынча эки жумага жабылат. Анткени бөбөктөрдүн ден соолугуна кабатыр болуп жатабыз. Андан кийин эпидемиологиялык кырдаал жакшырып кетет деген үмүт бар. Абал жакшырганда балдар аянтчаларын ачууга кайрадан уруксат беребиз", — деди ал.

Вице-мэр муниципалитет шаардыктарды санитардык талаптарды аткарууга чакырып жатканын белгиледи.

sputnik