30 марта 2021
Коргоо министрлигинде президент Садыр Жапаровдун буйруктары менен бир нече дайындоолор болду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.
Дайындоолор:
- Нурлан Кирешеев — коргоо министринин биринчи орун басары. Буга чейин ал КР Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын жетекчисинин биринчи орун басары болгон (аскердик реформага чейин);
- Алмазбек Карасартов — коргоо министринин орун басары;
- Эрлис Тердикбаев — КР Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын жетекчиси, буга чейин Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин жетекчиси;
- Руслан Мукамбетов — Коргоо министрлигинин түштүк-батыш ыкчам командачылыгынын кол башчысы;
Мындан сырткары, президенттин кол койгон буйругуна ылайык, Нурлан Чомоев КР Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысынын орун басары кызматынан бошотулду.