Бизнесмен, ИИМдин мурдагы кызматкери мамлекетке келтирген зыяндын ордун толтуруу үчүн 100 миллион сом которду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Ишкер марттын башында кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Тергөө иштеринин жүрүшүндө ал мыйзамсыз ишкердик менен алектенип, жалпы суммасы 100 миллион сомдон ашуун кыймылсыз мүлккө ээ болуп, аны жакын туугандарынын атына каттатканы аныкталган. 4-мартта Жалил Атамбаев жана анын жактоочулары тергөө менен кызматташууга жана келтирилген зыянды бюджетке кайтарууга даяр экендиги жөнүндө өтүнүч келтиришкен. Натыйжада Атамбаев мамлекетке 50 миллион сом которуп, камактан чыккан.
УКМКдан билдиришкендей, ишкер дагы 50 миллион сом которуп, жалпы жонунан 100 миллион сом берди жана келтирилген чыгымдын ордун толуктады.