30 марта 2021
Былтыркы жылы Кыргызстан кара металлдын 79,4 миң тонна калдыгын жана сыныгын экспорттогон. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен кабарлашты.
Эске салсак, жакында эле Кыргызстандын өкмөтү кара металлдын сыныктарын жана калдыктарын, кара металлдын куймасын Евразия экономикалык бирикмесинин бажы аймагынан сыртка ташып чыгарууга тыюу салган токтом чыгарган.
Кыргызстандан темир-тезек сатып алган өлкөлөрдүн тизмеси:
- Өзбекстан — 60 264,6 тонна;
- Нидерланд — 411,6;
- Россия — 18 543,7;
- Германия — 87,9;
- Казакстан — 80;
- Латвия — 18,4;
- Литва — 21.
Бардыгы биригип 21,2 миллион долларга бааланган.
2019-жылы сыртка 17,1 миллион долларга 85,4 миң тонна кара металл сатылганы айтылды.