Ташиев элге чек ара маселеси боюнча келишимди түшүндүрөт. Жолугушуу графиги

29 марта 2021 Ташиев элге чек ара маселеси боюнча келишимди түшүндүрөт. Жолугушуу графиги

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жана өкмөттүн чек ара боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев чек ара аймактарында жашаган калкка маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарындагы айыл тургундары менен жолугушууда алар Өзбекстан менен болгон жер алмашуу келишими жөнүндө айтып беришет. Буга чейин эки өлкө протоколго кол койгон. Sputnik Кыргызстан Бөрүбаевдин карта менен түшүндүрүп берген видеосун жарыялаган.

Жолугушуулардын графиги:

  • 30-мартта саат 11:00дө Бирлик айыл аймагындагы имаратта — Баткен облусуна караштуу Кадамжай районундагы Бирлик айылынын тургундары менен Чечме участкасы талкууланат;
  • 30-мартта саат 17:00дө Өзгөн районунун акимиатынын имаратында — Ош облусунун Өзгөн жана Кара-Суу райондорунун жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургундары менен Кемпир-Абад суу сактагычы талкууланат;
  • 31-мартта саат 14:00дө Ала-Бука районунун акимиатынын имаратында — Жалал-Абад облусунун Ала-Бука жана Аксы районунун тургундары менен чек ара маселеси талкууланат.


sputnik