"Мекеним Кыргызстандын" лидери Мирлан Бакиров Маммүлктүн төрагасы болду

31 марта 2021 "Мекеним Кыргызстандын" лидери Мирлан Бакиров Маммүлктүн төрагасы болду

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган ведомствонун маалымат кызматы билдирди. Ал кызматка кечээ дайындалганы белгилүү болду.

Мирлан Бакиров вице-спикерлик кызматта үч жыл отуруп, өткөн жылдын 22-декабрында ээлеген ордунан бошотулган. Ошондон бери депутат катары иштеп жаткан болчу. Ал эми жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого "Мекеним Кыргызстан" партиясынын лидери болуп катышкан.


sputnik