Ак канга чалдыккан кичинекей Айлин чарчап калды

30 марта 2021 Ак канга чалдыккан кичинекей Айлин чарчап калды

Ак канга чалдыккан кичинекей кыргызстандык кыз Айлин кечээ, 29-мартта, операциядан кийин чарчап калды. Бул тууралуу үй-бүлөнүн жакындары билдирди. Маалыматка ылайык, Айлиндин ата-энеси учурда Түркияда.

"Операция кечээ, 29-март күнү, кечинде болгон. Кыз операциядан кийин сатурациясы төмөндөп кетип, жүрөгү токтоп калган. Бул экинчи операциясы болчу. Билишимче, операциянын алгачкы төлөмү 27-мартта төлөнүп, андан кийин эле Айлинге операция жасалмак", — деди жакындарынын бири.

Наристе 2019-жылдын 29-декабрында төрөлгөн. Үч айдан кийин ал ак канга чалдыккан. Кыздын атасы Талант Сатыбалдиев буга чейин Sputnik агенттигине берген маегинде дарыгерлер эки ай убакыт бергенин айткан. Буга байланыштуу 100 миң доллар топтоо үчүн элден жардам суралып, эсеп ачылган эле.

Айлиндин жүлүнүнө биринчи жолу 10-ноябрда операция жасалып, ага апасы Индира Сапанова донор болуп берген. Бирок кийин текшерүүдөн өткөндө оору кызга кайра кайтып келгендиги билинген. Башкача айтканда, жаңы жүлүндө жетиле элек клеткалар пайда болгону аныкталган.

Ошол себептен наристеге экинчи жолу операция жасоо пландалып, бул ирет атасы Талант Сатыбалдиев донор болгон. Бирок, тилекке каршы, Айлин операциядан кийин жакшы боло албай чарчап калды.

Буга чейин кыздын энеси кайрадан жасала турган операцияга 50 миң доллар керек болуп жатканын айтып, каражат топтоо үчүн эсеп ачкан эле.

sputnik