29 марта 2021
Бишкек шаарынын Ленин районунун акими Чынасыл Чыныбаев кызматтан бошотулду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди. Тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов кол койгон.
Анын дагы бир буйругу менен районго жаңы аким болуп Мелис Өксөмбаев дайындалды. Чыныбаев райондун жетекчилигине өткөн жылдын 20-августунда келген.
Бүгүн УКМК Бишкектин райондорунун биринин башчысын шаардык кеңештин депутаттыгына талапкерге бюджеттик акчаны берген деп кармаган. Акимдин аты-жөнү Ч.Ч. деген инициал менен берилген.