30 марта 2021
Аламүдүн районундагы айылдардын биринде асфальт төшөөдө колдонулган тракторду уурдап кетишкен. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан кабарлашты.
13-март күнү жасалган кылмышка шектүү катары мурда соттолгон 34 жана 18 жаштагы эки жаран кармалды. Чыгым 7 миң доллар деп бааланууда. Шектүүлөр убактылуу кармоо жайына киргизилди.