Сыймык Жапыкеев Ысык-Көл облусунун прокурору болуп дайындалды

30 марта 2021 Сыймык Жапыкеев Ысык-Көл облусунун прокурору болуп дайындалды

Сыймык Жапыкеев Ысык-Көл облусунун прокурору болуп дайындалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Эске салсак, 5-мартта Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматын жоюу боюнча премьер-министр Улукбек Мариповдун токтому чыккан. Мындан улам мекеменин жетекчиси Жапыкеев кызматы жок калган.

Иштен кеткенден кийин ага президент Садыр Жапаров "Финансы полициясынын генерал-майору" наамын берген.


sputnik