УКМК төрагасы Ташиев чек ара көйгөйүн талкуулоо үчүн Ташкентке учуп кетти

23 марта 2021 УКМК төрагасы Ташиев чек ара көйгөйүн талкуулоо үчүн Ташкентке учуп кетти

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев башында турган өкмөттүк делегация кыргыз-өзбек чек арасындагы делимитация жана демаркация кылынчу тилкелер боюнча маселени талкуулоо үчүн Ташкент шаарына учуп кетти. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Өзбек тараптан делегацияны өлкө премьер-министри Абдулла Арипов жетектеп, тараптар 24-25-март күндөрү жыйын өткөрөт.

Буга чейин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапарында чек арадагы маселени аягына чыгаруу боюнча сүйлөшүүлөр болгон.

Эске салсак, 15-18-мартта Ташиев Тажикстандын Кожент шаарына барып, кыргыз-тажик өкмөт аралык комиссиясынын эки мамлекеттин ортосундагы чек араны делимитация жана демаркациялоо боюнча кезектеги жыйынына катышкан.


sputnik