22 марта 2021
MegaCom бренди менен таанымал "Альфа-Телеком" ЖАКсы кыргызстандыктар эмне себептен интернетсиз калганын түшүндүрдү. Буга чейин аталган компаниянын абоненттери интернети иштебей жатканын айтып кайрылышкан.
Компаниянын маалымат кызматы билдиргендей, түйүндө техникалык мүчүлүштүктөр болуп, аны жоюуга адистер тартылган. Уюлдук байланыштын интернети жарым сааттан кийин калыбына келгени, учурда толугу менен иштеп жатканы айтылды.
Ишкана келтирген ыңгайсыздыктар үчүн абоненттеринен кечирим сурады.