19 марта 2021
Жогорку Кеңештин А.М.А. аттуу депутаты мыйзамсыз баюуга шектелип жатат.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети эл өкүлүнүн байлыгын жарыялады:
- соода жана көңүл ачуу комплекси;
- Бишкек шаарынын жана Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан 14 жер тилкеси;
- үч кеңсе жана 4 турак жай;
- беш батир;
- "Каприз" борборундагы коттедж;
- үч особняк;
- жогорку өкүлдүк класстагы 5 аткаруучу унаа.
УКМК бул активдердин жалпы орточо базар баасы 1,5 миллиарддан ашык сомду түзөрүн билдирди.
Ишенимдүү булактардын маалыматы боюнча, аталган депутат Марат Аманкулов болушу мүмкүн.