Жанылыктар

Шаардык кеңештердин шайлоосуна кайсы партия көп катышып жатат? Тизме

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо 11-апрелге белгиленген. Борбордук шайлоо комиссиясы 12-мартка чейин талапкерлерди каттап, акыркы тизмени жарыялайт.

9 марта 2021
Марипов карылар үйүндөгү энелерди көрүп, көзүнө жаш алды. Видео

Өкмөт башчы мекемеде жашаган аялдарды жаз майрамы менен куттуктап, аларга бекем ден соолук, бакыт, жаркын маанай жана күч-кубат каалады. Видеодон ал сүйлөп жатып көзүнө жаш алганын дагы байкоого болот.

8 марта 2021
Жапаров биринчи айым менен филармонияга барып концерт көрдү. Сүрөттөр
Жапаров биринчи айым менен филармонияга барып концерт көрдү. Сүрөттөр

Президент Садыр Жапаров жубайы Айгүл Асанбаева экөө "Эл ырчысы Эстебес" тобунун концертин көргөнү барды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

8 марта 2021
Кыргызстандык окумуштуу Асел Сартбаевага Британияда беделдүү сыйлык ыйгарылды
Кыргызстандык окумуштуу Асел Сартбаевага Британияда беделдүү сыйлык ыйгарылды

Кыргызстандык окумуштуу Асел Сартбаева беделдүү FDM Everywoman in technology академиялык сыйлыгына татыды. Бул туурасында Everywoman уюмунун сайтына жарыяланды.

5 марта 2021
Бишкектин борборунда митинг өткөрүүгө тыюу салынды. Себеби
Бишкектин борборунда митинг өткөрүүгө тыюу салынды. Себеби

Мындай өтүнүч менен Биринчи май райондук администрациясы кайрылып, чечимди 22-февралда судья Асел Эсенгулова чыгарган. Соттун токтому соттук актылар сайтына жарыяланды.

5 марта 2021
Жапыкеев башында турган Финпол жоюлду
Жапыкеев башында турган Финпол жоюлду

"Расмий маалыматтарга ылайык, көмүскө экономиканын деңгээли 130 миллиард сом же ИДПнын 23,6 пайызын түзөт. Ал эми көз карандысыз эксперттер аталган көрсөткүч 24-43 пайыз экенин айтышууда. Бул Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын иши максатка ылайык жүргүзүлбөй жатканынан кабар берет", — деп айтылат маалыматта.

5 марта 2021
Бизнесмен Жалил Атамбаев 50 млн. сом төлөп, абактан бошотулду
Бизнесмен Жалил Атамбаев 50 млн. сом төлөп, абактан бошотулду

Мыйзамсыз байыды деп кармалган ишкер Жалил Атамбаев УКМКнын депозиттик эсебине 50,5 миллион сом төлөп, үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

5 марта 2021
УКМК: Жапаров, Ташиев менен тааныштыгын айтып кызмат саткан алдамчы кармалды
УКМК: Жапаров, Ташиев менен тааныштыгын айтып кызмат саткан алдамчы кармалды

“Кармалган адам президент жана УКМК башчысы менен жакын тааныштыгы бар экенин айтып, А.Б.А. аттуу жаранды 15 миң долларга мамлекеттик кызматтагы жетекчи орунга дайындоону убада кылган. Бул үчүн андан алдын ала 1 000 доллар аванс алган”, — деп айтылат билдирүүдө.

5 марта 2021
Кыргызстандын канайымы эл алдына чыкты. Сүрөт
Кыргызстандын канайымы эл алдына чыкты. Сүрөт

Кыргызстандын канайымы Айгүл Жапарова “Үмүт — Надежда” реабилитациялык борборуна барды. Анын борборго баргандагы сүрөтү “Тумар” бийчилер тобунун Instagram баракчасына чыккан. 

5 марта 2021
Апкаарып калбаңыз! Суракка чакырылган адам эмнелерди билиши керек
Апкаарып калбаңыз! Суракка чакырылган адам эмнелерди билиши керек

Зарыл болгондо тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы сотко чейинки өндүрүштүн маалыматтары болуп саналган көрсөтмөлөрдү жайылтпоо жөнүндө суракка алынган адамдан кол койдуруп алууга укугу бар.

5 марта 2021
Нефтетрейдерлер: мартта күйүүчү майдын баасы 6-7 сомго кымбаттайт
Нефтетрейдерлер: мартта күйүүчү майдын баасы 6-7 сомго кымбаттайт

Ал жыл башынан бери россиялык өндүрүштөн чыккан бензиндин дүң баасы 300 доллардан 500 долларга кымбаттаганын эске салды. Мындан сырткары, мунай баасы дагы 31 пайызга өскөн. Ал эми сом КМШ өлкөлөрүндөгү валюталардын ичинен көбүрөөк арзандаган.

5 марта 2021
Аксыда ууланып көз жумгандар жакын туугандар болгон. Окуянын чоо-жайы
Аксыда ууланып көз жумгандар жакын туугандар болгон. Окуянын чоо-жайы

Алдын ала алынган маалымат боюнча, ушул жылдын 2-мартында болжол менен саат 14:00дөр чамасында Кара-Жыгач айыл аймагындагы ашканага Кара-Суу айыл аймагынын Э.Б. аттуу 65 жаштагы тургуну буюртма берген.

4 марта 2021
Жогорку соттун төрайымын кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берилди
Жогорку соттун төрайымын кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берилди

Судьялар кеңешинин алдындагы Дисциплинардык комиссиясы Кыргызстандын Жогорку сотунун төрайымы Гүлбара Калиеваны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдугун берди.

4 марта 2021
Ит-мышык менен коюндашып жетим өскөн. Легендага айланган Сейталиев тууралуу 9 факты
Ит-мышык менен коюндашып жетим өскөн. Легендага айланган Сейталиев тууралуу 9 факты

Быйыл кыргыз маданияты жана опера искусствосу оор жоготууга учурады. Республикада опера ырчыларынын арасында экинин бири аталган, алтын көмөкөйлүү ырчы Токтоналы Сейталиев көз жумду.

4 марта 2021
Бизнесмен Жалил Атамбаев кармалып, камакка алынды
Бизнесмен Жалил Атамбаев кармалып, камакка алынды

"Ички иштер органдарынын мурдагы кызматкери болуп саналган Жалил Атамбаев олуттуу финансылык ресурстарга ээ болуп, кымбат баалуу кыймылсыз мүлктү өзүнүн жакын туугандарынын атына каттатып алган", — деп айтылат маалыматта.

4 марта 2021
Жеке клиниканын башкы дарыгери Матраимовдун абалы начар экенин айтты
Жеке клиниканын башкы дарыгери Матраимовдун абалы начар экенин айтты

Бишкектеги кардиологиялык жеке клиникалардын биринин башкы дарыгери Дамир Осмонов Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун саламаттыгы боюнча маалымат берди.

4 марта 2021
Референдум дайындоого кайсы депутат кандай добуш берди. Тизме
Референдум дайындоого кайсы депутат кандай добуш берди. Тизме

Долбоор экинчи-үчүнчү окуудан дагы колдоо тапса, президентке жөнөтүлөт. Ал кол койгондон кийин жалпы элдик добуш берүү дайындалат. Референдумду жергиликтүү кеңештердин шайлоосу менен кошо 11-апрелде өткөрүү сунушталууда.

3 марта 2021
Авиабилеттер качан арзандайт? Учурдагы абалга жана келечекке саресеп
Авиабилеттер качан арзандайт? Учурдагы абалга жана келечекке саресеп

Кыргызстандагы Туризм ассоциациясынын негиздөөчүлөрүнүн бири жана мурдагы төрагасы, ошондой эле билет сатуу менен алектенген авиакассанын жетекчиси Талант Токталиев негиздемени көзөмөлдөө функциясы эмне себептен авиакомпанияларга берилгендигин түшүндүрүп берди.

2 марта 2021
Абдылдаев: Конституцияны эринбей Испания, Португалиядан алып жазышыптыр
Абдылдаев: Конституцияны эринбей Испания, Португалиядан алып жазышыптыр

"Карасам Конституцияны Америка, Германия, Испания жана эринбей Португалияныкынан алып жазышыптыр. Анан кантип биринчи кыргызчасы жазылып, анан орусчага которулду деп айтып жатасыңар", — деди Абдылдаев.

2 марта 2021
Жапаров Казакстанга жасаган сапары жемиштүү болгонун айтты
Жапаров Казакстанга жасаган сапары жемиштүү болгонун айтты

Кыргыз делегациясы Казакстандын жогорку жетекчилиги менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына канааттанат. Мындай билдирүүнү өлкө президенти Садыр Жапаров бүгүн, 2-мартта, Казакстандын мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча ЖМКга жасаганын президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

2 марта 2021
Жапаров менен Токаев талкуулаган маселелер. Жолугушуунун сүрөттөрү
Жапаров менен Токаев талкуулаган маселелер. Жолугушуунун сүрөттөрү

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров мамлекеттик иш сапарынын алкагында Казакстандын өлкө башчысы Касым-Жомарт Токаев менен жолугуп, эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле биргелешкен өз ара алаканын мындан аркы келечегин талкуулады. Бул тууралуу мамлекет жетекчисинин маалымат кызматы билдирүү таратты.

2 марта 2021
Манас, Абай, Айтматовдун эстеликтери тургузулат. Жапаров менен Токаевдин билдирүүсү
Манас, Абай, Айтматовдун эстеликтери тургузулат. Жапаров менен Токаевдин билдирүүсү

Региондук кооперациянын актуалдуу маселелери боюнча позициялардын окшоштугун жана Борбордук Азияда ишеним көрсөтүү, туруктуулук жана коопсуздук атмосферасын бекемдөөгө эки тараптын умтула тургандыгын ырасташат.

2 марта 2021
Быйыл бүтүрүүчүлөр ЖРТга жаңы эреже менен катталат. Шарт-талабы
Быйыл бүтүрүүчүлөр ЖРТга жаңы эреже менен катталат. Шарт-талабы

Кыргызстанда мектеп бүтүрүүчүлөрү быйыл Жалпы республикалык тестирлөөгө онлайн-каттоодон өтүшөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепте жана мектептен тышкары билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Марат Усеналиев маалымат жыйынында билдирди.

2 марта 2021
Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаев менен "Ак ордодо" жолукту
Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаев менен "Ак ордодо" жолукту

Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен Нур-Султандагы "Ак ордодо" жолукту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

2 марта 2021
Садыр Жапаров: Парламенттик шайлоо күзүндө өтөт
Садыр Жапаров: Парламенттик шайлоо күзүндө өтөт

Маек 1-мартта жарыяланды. Анда Жапаров кыргыз-казак мамилеси, Казакстанга 2-3-мартта боло турган мамлекеттик сапар, өлкөдөгү саясий абал тууралуу суроолорго жооп берген.

2 марта 2021
Садыр Жапаров Казакстанга келди. Кимдер кантип тосуп алды. Сүрөт
Садыр Жапаров Казакстанга келди. Кимдер кантип тосуп алды. Сүрөт

Нур-Султандын аэропортунан Жапаровду Казакстандын премьер-министринин орун басары — тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди, энергетика министри Нурлан Ногаев жана Нур-Султандын акими Алтай Кульгинов тосуп алышты.

2 марта 2021
Салык декларациясын кабыл алуунун экинчи этабы башталды
Салык декларациясын кабыл алуунун экинчи этабы башталды

Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу өнөктүгүнүн экинчи этабы башталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты.

2 марта 2021
Садыр Жапаров Казакстанга учуп кетти. Коштоп баргандардын тизмеси
Садыр Жапаров Казакстанга учуп кетти. Коштоп баргандардын тизмеси

Нур-Султан шаарында Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, ар тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин жана өз ара алакалардын келечегин талкуулайт.

2 марта 2021
Бензин 5 сомго кымбаттап кетти. Нефть ташуучулар себебин түшүндүрдү
Бензин 5 сомго кымбаттап кетти. Нефть ташуучулар себебин түшүндүрдү

Ассоциация 2021-жылдын башынан тарта 1-мартка чейин россиялык өндүрүштөн чыккан бензиндин тоннасы 300 доллардан 500 долларга чейин өскөнүн айтышты. Кымбаттоо 67 пайызды түзүп, орточо эсеп менен алганда күйүүчү майдын литрине 14 сомдон туура келген. Дизель майдын тоннасы 360 доллардан 470ке чыккан. Пайыздык көрсөткүч менен эсептей келгенде 14 болгон. Бул литрине сегиз сом дегенди билдирет.

2 марта 2021
Садыр Жапаров Казакстандан кийин Кытай, Түркияга иш сапар менен барат
Садыр Жапаров Казакстандан кийин Кытай, Түркияга иш сапар менен барат

Президент Садыр Жапаров Казакстандын "Казинформ" маалымат агенттигине берген маегинде жакында Кытай жана Түркия мамлекеттерине иш сапар менен бара турганын билдирди.

2 марта 2021
Жапаров: бала кезде Брежневдей болом деп кыялданчумун
Жапаров: бала кезде Брежневдей болом деп кыялданчумун

Бала кезде СССРдин башчысы Леонид Брежневдей болууну кыялдангам. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Казакстандын "Казинформ" маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

2 марта 2021
Жапаров өлкө кандай өзгөрүп жатканын айтып берди. Президенттин маегинен тезистер
Жапаров өлкө кандай өзгөрүп жатканын айтып берди. Президенттин маегинен тезистер

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Казакстандын "Казинформ" маалымат агенттигине коңшу өлкөгө боло турчу сапары, чет өлкөлөр менен болгон мамиле жана Кыргызстандагы өзгөрүүлөр тууралуу айтып берди.

1 марта 2021
Мамкаттоонун мурдагы жетекчиси Суваналиевге орун басар болуп Баткенге барды
Мамкаттоонун мурдагы жетекчиси Суваналиевге орун басар болуп Баткенге барды

Тийиштүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койду. Өкмөттүн облустагы өкүлү Өмүрбек Суваналиев орун басарын жамаатка тааныштырууга жетишти.

1 марта 2021
УКМК ЖК депутаты Абжалиевди мыйзамсыз байыган деп иш козгоду
УКМК ЖК депутаты Абжалиевди мыйзамсыз байыган деп иш козгоду

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевге мыйзамсыз байыды деп иш козгоду. Бул тууралуу атайын органдын маалымат кызматы кабарлады.

1 марта 2021