Кадырбаев: бензин дагы кымбаттап, 7-10 сомго чейин кошулат

10 марта 2021 Кадырбаев: бензин дагы кымбаттап, 7-10 сомго чейин кошулат

Кыргызстанда бензиндин 10 сомго, ал эми дизелдик майдын 4, 8 сомго чейин кымбатташы күтүлүп жатат. Бул тууралуу энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Айтмамат Кадырбаев Жогорку Кеңештеги комитет жыйынында билдирди.

Бүгүн ЖКнын Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинде Кыргызстандагы мунай-газ тармагынын абалы жана күйүүчү майлардын баалары туурасында абал талкууланган.

Анда Кадырбаев мунай заттарынын баасы Кыргызстанда бир топ кымбатташы күтүлүп жаткандыгын айткан.

Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Айтмамат Кадырбаев

"Нефтетрейдерлердин маалыматы боюнча, 2021-жылдын январь-февраль айында Россиядагы мунай иштетүүчү заводдордо бир тонна бензин 100-150 долларга көтөрүлдү. Ошондо баа 7ден 10 сомго көтөрүлүшү мүмкүн, ал эми дизелдин бир тоннасы Россиядагы нефть иштетүүчү заводдордо 40-60 долларга чейин кымбатташы күтүлүп жатат. Бул учурда баа 3 сомдон 4, 8 сомго чейин өсөрүн билдирет", — деди Кадырбаев.

Ал КРдин күйүүчү май рыногунда 20дан ашык компания иш алып барып жатканын, өлкөдө күйүүчү майлардын жалпы керектөөсү 1 млн. 200 миң тоннаны түзөрүн билдирди. Анын айтымында, мунун 80 пайызы импорттолуп келет.

Эске салсак, Нефтетрейдерлер ассоциациясынан 1-январдан 1-мартка чейин россиялык өндүрүштөн чыккан бензиндин тоннасы 300 доллардан 500 долларга чейин өскөнүн айтышкан. Кымбаттоо 67 пайызды түзүп, орточо эсеп менен алганда күйүүчү майдын литрине 14 сомдон туура келген. Дизель майдын тоннасы 360 доллардан 470ке чыккан. Пайыздык көрсөткүч менен эсептей келгенде 31 болгон. Бул литрине сегиз сом дегенди билдирет.

Анткен менен республикадагы АЗСтердеги бензиндин литрине болгон баа 13,8 пайызга же 4,9 сомго гана көтөрүлгөн.

sputnik