Шаардык кеңештердин шайлоосуна кайсы партия көп катышып жатат? Тизме

9 марта 2021 Шаардык кеңештердин шайлоосуна кайсы партия көп катышып жатат? Тизме

Кыргызстанда 59 саясий партия 28 шаардык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин сунуштады.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо 11-апрелге белгиленген. Борбордук шайлоо комиссиясы 12-мартка чейин талапкерлерди каттап, акыркы тизмени жарыялайт.

Шаардык кеңешке шайлоого катышуу ниетин билдирген партиялар:

  • Жаңыдан түзүлгөн "Ата Журт Кыргызстан" — 21 шаарга;
  • "Өнүгүү-Прогресс" — 17 шаарга;
  • "Замандаш" —16 шаарга;
  • "Ыйман нуру" — 15 шаарга;
  • "Ынтымак" — 14 шаарга;
  • "Социал-демократтар" — 13 шаарга;
  • "Республика" — 12 шаарга;
  • "Эмгек" — 11 шаарга;
  • "Бүтүн Кыргызстан" — 10 шаарга;
  • "Бирге Вместе" — 6 шаарга;
  • "Ишеним", "Кыргызстан" жана "Тынчтык" — 5 шаарга;
  • "Бир бол", "Жаңы доор", "Ата Журт, "Кыргызстан элдик демократиялык партиясы" жана "Патриот ынтымагы" — 4 шаарга;
  • "Аманат", "Мекен ынтымагы", "Нур", "Улуттар Биримдиги", "Ордо", "Табылга" жана "Чоң-Казат" — 4 шаарга.

Мындан сырткары, 10 партия эки жана 23 партия бир шаардагы шайлоого катышууга арыз тапшырган.

Толугураак маалымат БШКнын расмий сайтына жарыяланган.


sputnik