Жанылыктар

Жаштарга бошотуп берейин! ЖК депутаты Максат Сабиров мандатын тапшырды

Максат Сабиров "Республика — Ата-Журт" партиясынын мүчөсү, 2015-жылдан бери Жогорку Кеңештин депутаты болуп келе жаткан. Өткөн жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого "Республика" партиясы менен катышкан.

24 февраля 2021
Садыр Жапаров иш сапары менен Россияга учуп кетти. Коштоп кеткендердин тизмеси

Мындан сырткары, ал Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин, Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко жана Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин менен эки тараптуу жолугушууларды пландаштырганы айтылды.

24 февраля 2021
ДССУ коронавирус пандемиясы качан бүтөрүн айтты
ДССУ коронавирус пандемиясы качан бүтөрүн айтты

Коронавирус пандемиясы кийинки жылдын башында аякташы мүмкүн. Бул тууралуу ДССУнун Европа аймактык бюросунун башчысы Ханс Клюгенин айтымына таянып РИА Новости кабарлады.

24 февраля 2021
Чет жакта көз жумган КР жарандарынын сөөгүн алып келүүдө жеңилдик берилет
Чет жакта көз жумган КР жарандарынын сөөгүн алып келүүдө жеңилдик берилет

"КРдин чет өлкөдө кайтыш болгон жарандарынын сөөгүн репатриациялоо (жеткирүү) тартибин жөнгө салуу, ошондой эле КРдин кайтыш болгон жарандарынын сөөгүн жеткирүүдө туугандарына же жакын адамдарына мамлекеттик финансылык колдоо көрсөтүү максатында Конституциянын 65-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылынат", — деп жазылат маалыматта.

24 февраля 2021
Матраимов өткөрүп берген соода жайында калкты тейлөө борбору ачылат
Матраимов өткөрүп берген соода жайында калкты тейлөө борбору ачылат

Эске салсак, Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов бажыдагы коррупциялык иштерге тийиштиги бар экенин моюндап, мамлекетке 2 миллиард сомдук зыянды толтуруп берген. Анын 1,4 миллиардын акчалай, калган 600 миллион сомуна “Эльдорадо” соода борборун, тогуз батирин өткөрүп бергени айтылган.

23 февраля 2021
Трайбализмди жок кылабыз. Марипов акимдерди ротациялап, аттестациядан өткөрөт
Трайбализмди жок кылабыз. Марипов акимдерди ротациялап, аттестациядан өткөрөт

Жакынкы күндөрү район акимдери жана орун басарлары аттестациядан өткөрүлөт. Бул туурасында премьер-министр Улукбек Марипов кыргызстандыктарга жасаган кайрылуусунда маалымдады.

23 февраля 2021
Кыргызстанда ипотеканын баштапкы төлөм маселесин кантип чечсе болот. Варианттар
Кыргызстанда ипотеканын баштапкы төлөм маселесин кантип чечсе болот. Варианттар

Турак жай алуу — кыргызстандыктардын жашоодогу негизги максаттарынын бири. Дароо эле үй сатып алуу көпчүлүк үчүн мүмкүн болбогондуктан, ипотека алууга туура келет. Бирок алгачкы төлөмдү табуу да бир тобуна оңой-олтоң иш эмес. Sputnik Кыргызстан дал ушул төлөмдү табуу жолдорун издеп көрдү.

23 февраля 2021
Максим Бакиевден коркуп Москвага качкан. Россиядагы жаңы элчи тууралуу 9 факты
Максим Бакиевден коркуп Москвага качкан. Россиядагы жаңы элчи тууралуу 9 факты

2008-жылы жергиликтүү кеңештин шайлоосуна тогуз күн калганда БШКнын төрайымы Клара Кабилова коркутуп-үркүтүү болду деп Москвага качып кеткен. Ал аты-жөнүн өзгөртүп, 10 жылдан кийин ЖК депутаты болду. Эми Москвага элчи катары баратат.

23 февраля 2021
Уурдабагылачы?!. Мэрия шаардыктарга кайрылды
Уурдабагылачы?!. Мэрия шаардыктарга кайрылды

"Бишкек асфальт сервис" калаадагы капкаксыз калган кудуктардын жапкычтарын кайрадан жаңыртууда. Бул туурасында муниципалитеттин маалымат кызматынан кабарлашты.

23 февраля 2021
Абактагы Райым Матраимов кан басымы көтөрүлүп жатканын айтты
Абактагы Райым Матраимов кан басымы көтөрүлүп жатканын айтты

УКМКнын тергөө абагында кармалып турган Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райым Матраимовдун кан басымы жогорулап жатканы белгилүү болду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунун директору Бакыт Рысбеков билдирди.

23 февраля 2021
Тажик тарап Кыргызстандан барган 22 кишини кармап кеткенби? Расмий жооп
Тажик тарап Кыргызстандан барган 22 кишини кармап кеткенби? Расмий жооп

Эске сала кетсек, кыргызстандыктарды тажик тарап барымтага алып алды деген маалыматтар кечээ социалдык тармактарда тарап, айрым ЖМКлар да жазып чыгышкан. Буга байланыштуу бүгүн митинг болору да айтылган.

23 февраля 2021
Мухаммедкалый Абылгазиев ачкачылык жарыяладыбы? Адвокаттын жообу
Мухаммедкалый Абылгазиев ачкачылык жарыяладыбы? Адвокаттын жообу

Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин жактоочусу Данияр Эркимбаев экс-премьердин ачкачылык жарыялагандыгы тууралуу маалыматты четке какты. Бул тууралуу ал Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

23 февраля 2021
Гүлнара-Клара Самат Россияга элчи болуп дайындалды
Гүлнара-Клара Самат Россияга элчи болуп дайындалды

Гүлнара-Клара Самат Кыргызстандын Россиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы билдирди.

22 февраля 2021
Мирзиёевден тил уккан аким контейнер үйдө жашамай болду. Сүрөттөр
Мирзиёевден тил уккан аким контейнер үйдө жашамай болду. Сүрөттөр

Наманган облусунун акими Шавкатжон Абдуразаков президент Шавкат Мирзиёевден катуу сын уккандан кийин жашоо шарты өтө татаал Бунёдкор айылына көчүп барып, контейнерде жашайм деген чечим кабыл алды. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.

22 февраля 2021
Карапайым эл Марипов менен вице-премьерлерге кайсы күндөрү кире алат. График
Карапайым эл Марипов менен вице-премьерлерге кайсы күндөрү кире алат. График

Аталган буйрукта апрель айынын ортосуна чейинки график аныкталган. Аткаруу бийлигинин башчыларына кирүү үчүн өкмөттүн коомдук кабылдамасына кайрылыш керек. Ал Өкмөт үйүнүн (Абдумомунов көчөсү, 207) батыш тарабында жайгашкан. Маалымат алуу үчүн телефондор: (0312) 62-53-85, 62-50-20.

22 февраля 2021
Марипов: бизнесмендер менен күнү-түнү байланышууга даярмын. Сүрөт
Марипов: бизнесмендер менен күнү-түнү байланышууга даярмын. Сүрөт

Өкмөттүн маалымат  кызматы жолугушуунун негизги максаты экономиканы активдештирүү жаатында демилгелерди жана ишкерлер үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча биргелешкен чараларды талкуулоо болгонун кабарлады. 

22 февраля 2021
Асманда учуп бараткан Boeing кырсыктап, сыныктары үйлөрдүн үстүнө түшкөн. Видео
Асманда учуп бараткан Boeing кырсыктап, сыныктары үйлөрдүн үстүнө түшкөн. Видео

​Лайнер асманда жарым сааттай учкан. Бул мезгилде анын кыймылдаткычы күйүп, анын жалындаган сыныктары Денвердин тургундарынын короосуна түшкөн. Мындай көрүнүштөн кийин эл окуяны полицияга кабарлаган. Андан эч ким жабыркаган эмес.

22 февраля 2021
Өрт чыккан үйдөн чиедей беш бир тууган көз жумду. Казакстандагы жүрөк тилген окуя
Өрт чыккан үйдөн чиедей беш бир тууган көз жумду. Казакстандагы жүрөк тилген окуя

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев батирден чыккан өрттүн кесепетинен көз жумган беш бир туугандын окуясын өлкө трагедиясы деп атады. Бул туурасында Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

21 февраля 2021
Пакистандыктар көбөйүп, индиялыктар азайды. КРде окуган чет элдик студенттер
Пакистандыктар көбөйүп, индиялыктар азайды. КРде окуган чет элдик студенттер

Кыргызстандагы жогорку окуу жайларында билим алгандардын 29 пайызга жакыны чет элдик студенттер. Бул тууралуу Улуттук статистика мамлекеттик комитети кабарлады.

21 февраля 2021
Россияда H5N8 вирусу жуккан алгачкы учур катталды. Дарт эмнеси менен кооптуу
Россияда H5N8 вирусу жуккан алгачкы учур катталды. Дарт эмнеси менен кооптуу

Россияда куш тумоосунун H5N8 вирусу адамга жуккан алгачкы учур катталып, лабораториялык жактан тастыкталды. Бул тууралуу Роспотребнадзордун башчысы Анна Поповага шилтеме берип РИА Новости жазды.

21 февраля 2021
БУУ Кыргызстанга ири суммада каражат бермей болду. Кайда жумшалат?
БУУ Кыргызстанга ири суммада каражат бермей болду. Кайда жумшалат?

Ал эми БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Озонниа Ожиело 2021-2022-жылдары уюм тарабынан алкактык программанын негизинде алгылыктуу суммада каражат бөлүнөрүн айткан.

19 февраля 2021
Вирусолог жазында коронавирус боюнча кырдаал кандай болорун боолголоду
Вирусолог жазында коронавирус боюнча кырдаал кандай болорун боолголоду

Жаздын келиши менен социалдык активдүүлүк жогорулайт. Ал коронавирус менен ооругандардын статистикасына терс таасирин тийгизиши ыктымал. Бул тууралуу "Известия" басылмасы Гамелея атындагы борбордун вирусологу Александр Бутенконун айтымына таянып кабарлады.

19 февраля 2021
Кыргызстандыктар март айында 10 күн эс алышы мүмкүн
Кыргызстандыктар март айында 10 күн эс алышы мүмкүн

Календарга ылайык, өлкө тургундары 6-7-8-март, ошондой эле 13, 14, 20, 21, 22-март күндөрү үйдө болушат. Мында Нооруз белгиленчү 21-март жекшембиге туура келгендиктен кийинки дүйшөмбү эс алуу күнү болуп саналат. Ал эми 27 жана 28-март кадимки дем алыш.

19 февраля 2021
Кыргызстанга Россиядан мугалимдер келди. Сүрөттөр
Кыргызстанга Россиядан мугалимдер келди. Сүрөттөр

РФтин Агартуу министрлигинин "Россиянын мугалими чет жерде" аттуу гуманитардык долбоорунун алкагында Ошко педагогдордун делегациясы учуп келди. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчилигинен кабарлашты.

19 февраля 2021
Ош мэриясы "шаарда балдар өлүмү көп катталууда" деген билдирүүгө үн катты
Ош мэриясы "шаарда балдар өлүмү көп катталууда" деген билдирүүгө үн катты

Бүгүн Facebook тармагынын Ахрор Иминов аттуу колдонуучусу Ош шаарына жакын жердеги көрүстөнгө жаш балдар көп коюлуп жатканын, бир жуманын ичинде эле 20 бала жерге берилгенин айткан. Ага таянып маалыматты айрым ЖМКлар дагы жазган.

19 февраля 2021
Садыр Жапаровдун Россияга жасай турчу иш сапарынан эмне күтүлүп жатат
Садыр Жапаровдун Россияга жасай турчу иш сапарынан эмне күтүлүп жатат

Садыр Жапаровдун Россия Федерациясына жасай турган сапары 24-25-февралга белгиленген. Мамлекет башчы учурда тыкыр даярдыктан улам обочолонууда болуп жатат. Бул иш сапардан эки тарап тең көп нерсени күтүп жатат. Саясий "көздөн кечирүү", КР президентинин эл аралык жогорку деңгээлде биринчи ирет чыгышы, мындан тышкары, стратегиялык өнөктөштөрдүн мамилесинин кайсы багыт менен өнүгө турганы аныкталмакчы.

19 февраля 2021
Ташиев Баткен облусу өзгөчө макамга ээ болсо эмне артыкчылык аларын айтты
Ташиев Баткен облусу өзгөчө макамга ээ болсо эмне артыкчылык аларын айтты

Эгерде Баткен облусу өзгөчө макамга ээ болсо, аны генерал-губернатор жетектейт. Бул туурасында УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев чек арага жакын аймактардын жашоочулары менен жолугушуп жатканда айтты.

19 февраля 2021
Ташиев: эртеңден баштап чоң-чоң аткаминерлер камалат
Ташиев: эртеңден баштап чоң-чоң аткаминерлер камалат

Эртеңден баштап бир нече аткаминер камалат. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен облусундагы чек арага жакын жайгашкан айыл тургундары менен жолугушууда билдирди.

19 февраля 2021
Райымбек Матраимов кайра кармалды
Райымбек Матраимов кайра кармалды

Райымбек Матраимов УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди, 48 сааттын ичинде сот ага карата тергөө бүткүчөктү баш коргоо чарасын карайт. 

19 февраля 2021
Ташиев депутат Жумалиевди УКМК кармаганда эмне дегенин айтып берди
Ташиев депутат Жумалиевди УКМК кармаганда эмне дегенин айтып берди

Экс-премьер, Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин аянты 33 гектар болгон заводу бар. Бул туурасында УКМКнын жетекчиси чек арага жакын жайгашкан айылдардын жашоочулары менен жолугуп жатканда билдирди.

19 февраля 2021
Финполчуларды көрүп акчаны ыргытып жиберген. Пара менен кармалган тергөөчү. Видео
Финполчуларды көрүп акчаны ыргытып жиберген. Пара менен кармалган тергөөчү. Видео

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы (Финпол) жана Бишкек ШИИБдин тышкы чалгындоо кызматы тарабынан Ленин РИИБдин тергөөчүсү пара алып жаткан жеринен колго түшүрүлдү.

17 февраля 2021
Кыргызстанда мартта күйүүчү май 10%га чейин кымбатташы мүмкүн. Себеби
Кыргызстанда мартта күйүүчү май 10%га чейин кымбатташы мүмкүн. Себеби

Ушул жылдын март айында Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы 9-10 пайызга кымбатташы мүмкүн. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынан билдиришти.

16 февраля 2021
Президенттик аппарат: карыздан улам ири объектилер Кытайга өтүп кетиши мүмкүн
Президенттик аппарат: карыздан улам ири объектилер Кытайга өтүп кетиши мүмкүн

Президенттин маалымат кызматы Садыр Жапаровдун Кыргызстан мамлекеттик карызын төлөбөсө көптөгөн объектилеринен ажырап калуу кооптуулугу бар деген пикири боюнча комментарий берди.

15 февраля 2021
Таласта үч жашар баласын суудан куткарам деп апасы да чөгүп кетти
Таласта үч жашар баласын суудан куткарам деп апасы да чөгүп кетти

Талас облусунун Арал айылында сууга чөгүп бараткан үч жашар баласын куткарам деп апасы дагы көз жумду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

15 февраля 2021