Жапаров маданият кызматкерлеринин айлыгын көтөрүп, үй берүүнү убадалады

28 февраля 2021 Жапаров маданият кызматкерлеринин айлыгын көтөрүп, үй берүүнү убадалады

Экономика жана финансы министрлигине маданият кызматкерлеринин эмгек акысын көтөрүү маселесинин жолдорун тез арада табууга тапшырма берилет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров кечээ, 27-февралда, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Күлүйпа Кондучалованын 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада сүйлөп жатып айтты.

Мамлекет башчы маданият мамлекеттин, улуттун идеологиясы жана түпкү өзөгү экенин белгилеген.

Жапаров өлкөнүн экономикалык абалы оор экендигине карабай театр-оюн зоок мекемелерин оңдоп-түзөө иштери улантыларына ишендирди.

"Республикабыздын борбор калаасында жана жети облустун шаарларында жаңы үлгүдөгү маданият мекемелерин куруу багытын эске алуубуз шарт. Анткени отуз жыл ичинде көзгө көрүнөрлүк маданий объектилердин курулганы жокко эсе. Кээ бир театрларыбыз имараты жок ар кайсы мекемеде иш алып барып келишкени өкүнүчтүү. Ал тургай узак тарыхы бар Улуттук жазуучулар союзу, Театр ишмерлер союзу имаратты ижарага алып иштешүүдө", — деген өлкө башчы.

Ошондой эле маданият кызматкерлери материалдык жактан муктаж болсо бул тармак өнүгө албай турганын айткан.

"Эмгек акы, турак жай маселеси чечилбесе, абал өтө эле оор бойдон кала берет. Экономика жана финансы министрлигине маданият кызматкерлеринин эмгек акысын көтөрүү маселесинин жолдорун тез арада табууга тапшырма берем. Этап-этабы менен маданият кызматкерлеринин айлыгын көтөрүп, маданият ишмерлери үчүн курулуп жаткан үйдү эмдиги жылдан тартып ишке ашырып, турак жай маселесин чечип баштайбыз", — деген Жапаров.

Мамлекет башчысы элдин аң-сезими адабият менен маданияттын таасиринде калыптанмайын күчтүү, бакубат коом курулбастыгын, андыктан биринчи кезекте "Инсандын руханий, адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө" жарлыкка кол коюлганын кошумчалаган.


sputnik