Президент Садыр Жапаров Москвага келди

24 февраля 2021 Президент Садыр Жапаров Москвага келди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-февралда, биринчи чет элдик иш сапары менен Москва шаарына барды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Иш сапардын жүрүшүндө Садыр Жапаров РФ лидери Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

"Ошондой эле мамлекет башчынын Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин, Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко жана Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин менен эки тараптуу жолугушуулар пландаштырылган", — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, Россиянын бизнес коомчулугу, ошондой эле Россиядагы мекендештер жана кыргызстандык студенттер менен жолугушуулар күтүлүүдө.


sputnik