Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткарууга келген Эрмек Нургазиев аны кызматка президент Садыр Жапаровдун айланасындагы адамдар түртмөлөгөнүн билдирди.
9 февраля 2021Бүгүн Бишкек мэринин милдетин аткаруучу болуп жаңы дайындалган Эрмек Нургазиев шаар бийлигинин жамаатына тааныштырылды. Ал бул кызматка премьер-министр Улукбек Мариповдун буйругу менен келди. Буга чейин мэрдин милдетин аткарып келген Балбак Түлөбаев отставкага кеткен.
9 февраля 2021"Бишкекте кредит берген өзүнчө топ бар, эгер төлөө мөөнөтүн бир аз кечиктирсе, үйүн алып коюп, ушул сыяктуу алдамчылык менен алектенишет. Ал аял ушул фирманын юристи болот. Ал биздин үлүшчүлөрдүн жыйыны өтүп жаткан жерге келип, сүйлөшүп жаткан учурда кокусунан мени чаап ийген. Мен да күтүүсүз жерден ага жооп катары чапкам. Муну телефонуна тартып алышкан экен", — деди Нургазиев.
9 февраля 2021Президент Садыр Жапаров белгилүү саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин автоунаасын белекке алганын, бирок аны музейге тапшырууну ылайык көрүп турганын билдирди. Бул тууралуу өзүнүн Instagram баракчасы аркылуу кабарлады.
9 февраля 2021Анда күйүүчү майга салыкты алты жыл катары менен эки сомдон кымбаттатуу, жүк ташуучулардан жол акы алуу, кымбат унааларга ашкере байлык салыгын киргизүү сунушталууда.
8 февраля 2021Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткарып жаткан Балбак Түлөбаев отставкага кетип жатканы боюнча маалыматты өзү тастыктады.
8 февраля 2021Прокуратура тарабынан Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин балдарын кайра камоо боюнча Бишкек шаардык сотуна сунуш берилди. Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев маалымат жыйында билдирди.
5 февраля 2021Москвада кыргызстандык кызга кол салды деп шектелип КРдин 23 жаштагы жараны кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
5 февраля 2021Пандемия маалында бир бахиланы 150 сомдон "Фарватер" деп аталган ЖЧК сатып алып келип берген. Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев маалымат жыйында билдирди.
5 февраля 2021Шаршемби күнү жаңы өкмөт дайындалып, кызматка киришти. Улукбек Марипов алып келген министрлер кабинетинин түзүмүндө олуттуу өзгөрүүлөр каралган: өкмөт мүчөлөрүнүн саны 22ден 16га чейин кыскарды.
5 февраля 2021Евразия экономикалык биримдигинин санариптик мейкиндигин түзүү үчүн бул багыттагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга дем берүү керек. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов Алматы шаарында өтүп жаткан "Санариптик кайра жүктөө: жаңы реалдуулуктагы рынок" санариптик форумунда билдиргенин өкмөттөн кабарлашты.
5 февраля 2021Башкы прокуратура "Манас" эл аралык аэропортундагы туруктуу коррупциялык схеманы аныктады. Бул тууралуу башкы көзөмөл органдын маалымат кызматы билдирди.
5 февраля 2021Садыркулова Эсеп палатасындагы аудитордук ыйгарым укуктары аяктаганга чейин жетекчинин милдетин аткарат. Ал 2016-жылдын апрель айында беш жылдык мөөнөткө аудитор болуп дайындалган.
5 февраля 2021Депутат Кубанычбек Жумалиевдин баш коргоо чарасы тандалып, 4-апрелге чейин УКМКнын тергөө абагына камалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы билдирди.
4 февраля 2021Москвада кыргызстандык кызды өлтүрүп кетишти деген маалымат чындыкка дал келбейт. Ал ооруканада дарыланып жатканын ИИМ Россиядагы өкүлчүлүгүнө таянып кабарлады.
4 февраля 2021"Премьер-министр Улукбек Марипов 1991-жылдын 16-майында кол коюлган келишим боюнча суу ресурстарын бөлүштүрүү көйгөйүн билдирген. Бүгүнкү күндө аталган келишим боюнча тараптардын айрым пикир келишпестиги орун алган жана бул маселе өкмөт башчы тараптан эскертилген", — дешти өкмөттөн.
4 февраля 2021"Учурда анын баш коргоо чарасы тандалып жатат. Кайсы иш боюнча айыпталып жатканын азырынча айта албайбыз", — деп билдиришти соттон.
4 февраля 2021Башка маселелер менен катар эле Өмүрбекова кызматтан кетүү себебин да айтып берди. Экс-президент Сооронбай Жээнбеков туурасында пикирин да жашырбай, COVID-19 эпидемиясынын болжолдуу үчүнчү толкунуна өлкөнү кантип даярдоо керектиги тууралуу ойлорунан бөлүштү.
4 февраля 2021Премьер-министрликке талапкер Улукбек Марипов экс-депутат Аскарбек Шадиевдин өкүл баласы экенин мойнуна алды. Кечээ анын атасы Асамидин Марипов Sputnik агенттигине мындай маалыматты төгүндөгөн. Ал мурда Ноокатта "өкүл ата" деген түшүнүк жок болгонун билдирген.
3 февраля 2021Маалыматка караганда, кылмышка шектүү 26 жаштагы адам болгон. Учурда ал көрсөтмө берүү үчүн Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген.
3 февраля 2021Экс-президент Сооронбай Жээнбеков үй-бүлөсү менен Кыргызстандан чыгып кетти. Кабарды анын маалымат катчысы Толгонай Стамалиева тастыктады.
2 февраля 2021Өкмөттүн жаңы түзүлгөн курамы жарыяланып, такталган тизме белгилүү болду.
2 февраля 2021Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүү департаменти пандемия учурунда бир бахиланы 150 сомдон сатып алган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.
2 февраля 2021Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары-дармек департаментинин кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.
2 февраля 2021Арыз жазгандардын айтымында, 5-октябрдагы "Ала-Тоо" аянтындагы митинг тынчтык мүнөздө өтүп жаткан, бирок күч түзүмдөрү бийликтин буйругу менен демонстранттарга атайын каражаттарды колдонуп баштаганы айтылууда. Көп киши жаракат алып, 19 жаштагы Үмүт Алтынбек уулу көз жумганын белгилешкен.
2 февраля 2021"Кыргыз жылуулук энерго" мамлекеттик ишканасында ири көлөмдө мазут сатып алуу боюнча жасалма документтер пайдаланылып, мамлекетке 10 миллион сомдон ашык зыян келтирилгендиги аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
2 февраля 2021"Электр станциялары" ишканасынын башкы директору Жолдошбек Ачикеев кызматтан кетти. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
2 февраля 2021Бөйрөк оорусунун 5-стадиясы менен жабыркап, өз каражатына гемодиализ алып жүргөн 205 бейтап эми аны бюджеттин эсебинен ала турган болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
2 февраля 2021Кыргызстандын мамлекеттик карызын жабуу үчүн 37 миллиард 266 миллион сом жумшоо пландалып жатат. Бул тууралуу мамлекеттин бекитилген бюджети боюнча маалыматта айтылат.
2 февраля 2021Премьер-министрликке талапкер Улукбек Марипов айткандай эле өкмөттүн түзүмү өзгөргөн. Алсак, биринчи вице-премьер гана калып, калган үчөө жоюлган. Айрым министрлик, комитеттер бириктирилди.
2 февраля 2021Белгилей кетсек, өкмөт башчылыкка талапкер Улукбек Марипов министрликтин структурасы өзгөртүлүп, "Айыл, суу чарба жана региондорду өнүктүрүү министрлиги" деп аталарын маалымдады. Курамына Токой чарба агенттиги менен Суу ресурстары агенттиги киргизилмекчи. Марипов мындан улам тажрыйбалуу министр керектигин белгилеп, Токтогазиевдин ордунда калары арсар экенин айтты.
1 февраля 2021Мен мамлекеттик кызматта 20 жыл иштедим, ошол эле учурда бир дагы саясий партияга мүчө болгон эмесмин. Бул тууралуу премьер-министрликке талапкер Улукбек Марипов билдирди.
1 февраля 2021Өкмөттүн жаңы түзүлгөн курамында айрым кызматтар кыскартылат. Бул тууралуу премьер-министрликке сунушталган талапкер Улукбек Марипов көпчүлүк коалициянын жыйынында билдирди.
1 февраля 2021Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев өзүнүн кызмат ордунда калат. Бул тууралуу премьер-министрликке сунушталган талапкер Улукбек Марипов ЖКнын коалициясынын жыйынында билдирди.
1 февраля 2021