2 февраля 2021
Өкмөттүн жаңы түзүлгөн курамы жарыяланып, тизме белгилүү болгонун парламенттеги ишенимдүү булактар билдирди.
Премьер-министрликке талапкер Улукбек Марипов айткандай эле өкмөттүн түзүмү өзгөргөн. Алсак, биринчи вице-премьер гана калып, калган үчөө жоюлган. Айрым министрлик, комитеттер бириктирилди.
Жаңы өкмөттүн болжолдуу курамы:
- Биринчи вице-премьер — Артём Новиков;
- Тышкы иштер министри — Руслан Казакбаев;
- Коргоо министри — Таалайбек Өмүралиев;
- Айыл, суу чарба жана региондорду өнүктүрүү министри — Аскар Жаныбеков;
- Энергетика жана өнөр жай министри — Кубанычбек Турдубаев;
- Ички иштер министри — Улан Ниязбеков;
- Өзгөчө кырдаалдар министри — Бообек Ажикеев;
- Юстиция министри — Асел Чынбаева;
- Маданият министри — Кайрат Иманалиев;
- Экономика жана финансы министри — Улукбек Карымшаков;
- Билим берүү жана илим министри — Алмазбек Бейшеналиев;
- Саламаттык сактоо министри — Алымкадыр Бейшеналиев;
- Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы — Камчыбек Ташиев.
Бүгүн Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы премьер-министрлик кызматка Улукбек Мариповдун талапкерлигин жактырды. Ал өкмөттүн түзүмү менен курамын парламентке киргизмек.