Депутат Кубанычбек Жумалиев кармалды

4 февраля 2021 Депутат Кубанычбек Жумалиев кармалды

Депутат Кубанычбек Жумалиев кармалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы тастыктады.

"Учурда анын баш коргоо чарасы тандалып жатат. Кайсы иш боюнча айыпталып жатканын азырынча айта албайбыз", — деп билдиришти соттон.

Белгилей кестек, Жумалиевдин жакын туугандарынын үстүнөн германиялык инвестордон алдамчылык фактысы боюнча арыз түшкөн. Алар инвестордон 1 миллион долларлык жабдууну алып, 200 миң долларын берип, калганын бербей койгону айтылган. Финпол аларды кармап, компанияларын тинткен. 2-февралда кармалгандар үй камагына чыккан.

Ал эми былтыр май айында Башкы прокуратуранын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 323 ("Мыйзамсыз баюу") жана 324-беренеси ("Кызмат адамдарынын ишкерликке мыйзамсыз түрдө аралашуусу") боюнча иш катталган. Анын алкагында Жумалиевге карата Финпол сотко чейинки өндүрүш ачып, мүлкүн териштире баштаган болчу.

Көп өтпөй бир катар кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктүн уставдык капиталында Жумалиевдин үлүшү бар экени белгилүү болгон. Ошондой эле ал уюмдаштыруучу, жетекчи болуп саналары жана Жумалиевдин жакын туугандарынын көп сандаган мүлкү аныкталган. 

sputnik