Тилек Токтогазиев кызматтан кетер-кетпеси тууралуу комментарий берди

1 февраля 2021 Тилек Токтогазиев кызматтан кетер-кетпеси тууралуу комментарий берди

Кызматтан кетерим туурасында кабарым жок. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев билдирди.

Белгилей кетсек, өкмөт башчылыкка талапкер Улукбек Марипов министрликтин структурасы өзгөртүлүп, "Айыл, суу чарба жана региондорду өнүктүрүү министрлиги" деп аталарын маалымдады. Курамына Токой чарба агенттиги менен Суу ресурстары агенттиги киргизилмекчи. Марипов мындан улам тажрыйбалуу министр керектигин белгилеп, Токтогазиевдин ордунда калары арсар экенин айтты.

"Кызматтан кетүү тууралуу мага эч ким айткан жок. Азыр ушул маселе боюнча чогулушка бара жатам. Жыйынтыгы кандай чыкканын өзүнчө айтам. Тажрыйбалуу адамдарды деле көрдүк да, алар эскиче тажрыйбаны колдонот. Азыр революциялык кадамдарга барышыбыз керек. Өткөн жумада ассоциациялар менен биргеликте министрликтин өнүктүрүү концепциясын иштеп чыктык. Функционалдык анализ жүргүзүп, ар бир тармакты талдадык", — деди Токтогазиев.

Ал эми министрликтин структурасы өзгөртүлүп жатканына туура эле көз карашта экенин айтты.

sputnik