Башкы прокурор Зулушев бир бахиланы 150 сомго саткан компаниянын атын атады

5 февраля 2021 Башкы прокурор Зулушев бир бахиланы 150 сомго саткан компаниянын атын атады

Пандемия маалында бир бахиланы 150 сомдон "Фарватер" деп аталган ЖЧК сатып алып келип берген. Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев  маалымат жыйында билдирди.

"Азыр 5 миллион сомдон ашык зыян келтирилгени аныкталды. Эгер тергөө сапаттуу жүргүзүлсө сумма мындан дагы көбөйүшү мүмкүн. Учурда Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы департаменттин бир нече кызмат адамдары тергелип жатат. Бул иш боюнча министрге дагы жетишибиз мүмкүн", — деди Зулушев.

Белгилей кетсек, Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүү департаменти пандемия учурунда жасаган кылмыш иштери аныкталганы маалымдалган. Анда тендерден уткан "Ф" аттуу компания нитрил кол каптардын ордуна техникалык спецификацияга дал келбеген 101 330 даана латекстен жасалган кол каптар менен камсыздаган. 150 000 даана 1,5 сомдук бахиланын ордуна ар бирин 150 сомго баалап 1 500 даана алып келишкени айтылган. Мунун кесепетинен мамлекетке 5 миллион 175,2 миң сомдук материалдык зыян келтирилген.

sputnik