Балбак Түлөбаевдин башка ишке кетип жатканы маалым болуп, ордуна ким келери айтылды

8 февраля 2021 Балбак Түлөбаевдин башка ишке кетип жатканы маалым болуп, ордуна ким келери айтылды

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткарып жаткан Балбак Түлөбаев отставкага кетип жатканы боюнча маалыматты өзү тастыктады.

Бирок ал кайсы кызматка бара тургандыгын так айтпай, "азырынча белгисиз" деп жооп берди.

Анткен менен шаардык муниципалитеттеги маалымат булактар анын Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгын жетектеп кетип жатканын айтышты.

Аны менен катар эле мэрдин милдетин Эрмек Нургазиев аткара тургандыгын билдиришти. Аны эртең мэриянын жамаатына тааныштырышарын кошумчалашты.


sputnik