Пандемия учурунда дарыдан киреше табууну көздөгөндөргө иш козголду

2 февраля 2021 Пандемия учурунда дарыдан киреше табууну көздөгөндөргө иш козголду

Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары-дармек департаментинин кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Анда айтылгандай, башкы көзөмөл орган департаменттин ишмердүүлүгүнө текшерүү жүргүзгөн. Жыйынтыгында медициналык препараттарга экспертиза жүргүзүүдө, лабораториялык сыноолорду өткөрүүдө жана мамлекеттик сатып алууда коррупциялык схема аныкталган.

"Департаменттин жооптуу кызмат адамдары мыйзамсыз киреше көрүү максатында дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды каттап экспертизалоодо фармацевтикалык компаниялардын кызыкчылыгын колдоп, мамлекетке сапатсыз медициналык препараттарды алып келүүсүнө ыңгайлуу шарт түзүшкөн жана коронавирус илдетине байланыштуу пандемия учурунда коррупциялык кылмыштарды жасашкан", — деп айтылат маалыматта.

Аталган фактылар боюнча департаменттин жооптуу кызматкерлерине карата кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренелери боюнча 8 материал Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө башталган.

sputnik