Бишкектин жаңы мэри Нургазиев ээлик кылган компаниялардын тизмеси

9 февраля 2021 Бишкектин жаңы мэри Нургазиев ээлик кылган компаниялардын тизмеси

Бишкектин мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Эрмек Нургазиевдин кандай бизнеси бар экенин окуңуздар.

Бүгүн Бишкек мэринин милдетин аткаруучу болуп жаңы дайындалган Эрмек Нургазиев шаар бийлигинин жамаатына тааныштырылды. Ал бул кызматка премьер-министр Улукбек Мариповдун буйругу менен келди. Буга чейин мэрдин милдетин аткарып келген Балбак Түлөбаев отставкага кеткен.

Sputnik Кыргызстан редакциясы жаңы шаар башчысынын кандай бизнеси бар экенин иликтеп көрдү. Оsoo.kg порталындагы маалыматтарга ылайык, Нургазиевге жети менчик компания катталган. Анын үчөөсүндө ал биргелешип негиздеген киши катары көрсөтүлгөн.

  • "ЭММА Курулуш" курулуш компаниясынын негиздөөчүсү;
  • Электрдик монтаждоо иштери менен алектенген "Солэр Гэлакси Тр.Со." ишканасынын негиздөөчүлөрүнүн бири;
  • "Рассвет" коммерциялык эмес турак жай курулуш кооперативинин негиздөөчүсү;
  • "Баха-Сыдыгалы" турак жай курулуш кооперативинин негиздөөчүлөрүнүн бири;
  • "Витязь-Союз" ЖЧКсы коопсуздук кызматынын негиздөөчүлөрүнүн бири;
  • Ысык-Көлдүн Бостери айылындагы "ДАЙМОНД-РЕСОРТ" элиталык коттедж шаарчасынын ээси;
  • Архитектура жаатында иш алып барган "Даймонд Арт жана Дизайн" ЖЧКсы компаниясынын негиздөөчүсү.


sputnik