Жапаров Усубалиевдин белекке алган автоунаасын музейге тапшырат. Сүрөт

9 февраля 2021 Жапаров Усубалиевдин белекке алган автоунаасын музейге тапшырат. Сүрөт

Президент Садыр Жапаров белгилүү саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин автоунаасын белекке алганын, бирок аны музейге тапшырууну ылайык көрүп турганын билдирди. Бул тууралуу өзүнүн Instagram баракчасы аркылуу кабарлады.

Мамлекет башчы автоунааны Кочкор районунан келген Бакай аттуу киши белекке бергенин айткан.

"00-01 ФИА номерлүү автоунаа 1970-жылы Турдакун Усубалиевге берилген экен. Темир тулпар бир нече жыл тебилип, кийин Кочкордогу жердештеринин колунда көздүн карегиндей сакталып турган. Мени суктандырганы, машина дале жапжаңы, жакшы каралган экен. Кадимкидей от алып, тепсең Турдакун Усубалиевдин учурундагыдай эле зуулдайт", — деп жазган Жапаров.

Ал Кыргызстанды 1961-1985-жылдары башкарган кишиден калган таберик буюмдун рулун кармап, ырымга ары-бери айландырып турганында өлкөнүн бир үзүм тарыхы көз алдына элестей түшкөнүн билдирген.

"Бул автоунаа өмүрү жана ишмердиги биздин өлкөбүздүн өнүгүшүнө терең из калтырган адамдын аты менен байланыштуу болгондуктан, аны короомдун ичинде — көздөн далдоодо каткан болбойт деген ойго токтодум. Мындай баалуу тарыхый буюм баарыбызга тең орток, баарыбыздын энчибиз. Заманбап автоунаалардын түрү жайнаган азыркы заманда жаш муун көрүп, ата-бабалардын кандай унаа тээп, жок эле дегенде кандай шартта жашап-иштегенин элестетип алышса. Ошондуктан Турдакун Усубалиевден калган автоунааны Улуттук тарых музейине белекке тартуулоону туура көрдүм", — деп жазган Жапаров социалдык тармактагы баракчасына.

sputnik