Жооп катары чаап ийгем. Жаңы мэр Нургазиев аялга кол көтөргөн окуя тууралуу

9 февраля 2021 Жооп катары чаап ийгем. Жаңы мэр Нургазиев аялга кол көтөргөн окуя тууралуу

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткара турган Эрмек Нургазиев аялга кол көтөргөн окуя боюнча комментарий берди.

Ал аял курулуш компанияларынын биринин юристи болгонун белгиледи.

"Бишкекте кредит берген өзүнчө топ бар, эгер төлөө мөөнөтүн бир аз кечиктирсе, үйүн алып коюп, ушул сыяктуу алдамчылык менен алектенишет. Ал аял ушул фирманын юристи болот. Ал биздин үлүшчүлөрдүн жыйыны өтүп жаткан жерге келип, сүйлөшүп жаткан учурда кокусунан мени чаап ийген. Мен да күтүүсүз жерден ага жооп катары чапкам. Муну телефонуна тартып алышкан экен", — деди Нургазиев.

Ошондой эле ал аял милицияга арыз жазганын, бирок жыйында отурган 30 үлүшчү аял биринчи урганын тастыктап берип, иш жабылганын билдирди. Бирок иш токтотулгандан кийин да ал даттанып келе жатканын билдирди.

Андан соң журналисттер "эгер мэрияга дагы бир адам ачуусу менен келсе, жинденип кайра дагы чаап ийбейсизби?" деп сурашты.

Анда ал окуя өзү үчүн күтүүсүз болгонун, мындай көрүнүш кайра кайталанбашын убадалады.


sputnik