Медет Садыркуловдун кызы Эсеп палатасынын жетекчисинин милдетин аткарат

5 февраля 2021 Медет Садыркуловдун кызы Эсеп палатасынын жетекчисинин милдетин аткарат

Айжан Садыркулова Эсеп палатасынын жетекчисинин милдетин аткарат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Кызматка дайындоо боюнча жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Садыркулова Эсеп палатасындагы аудитордук ыйгарым укуктары аяктаганга чейин жетекчинин милдетин аткарат. Ал 2016-жылдын апрель айында беш жылдык мөөнөткө аудитор болуп дайындалган.

Айжан Садыркулова - 2009-жылы киши колдуу болгон Медет Садыркуловдун кызы. Атасы президенттин администрациясынын жетекчиси болгон.

Эсеп палатасынын төрагалык кызматы Улукбек Марипов премьер-министр болуп кеткенден кийин бош турган.

sputnik