"Электр станциялары" ишканасынын жетекчиси алмашты

2 февраля 2021 "Электр станциялары" ишканасынын жетекчиси алмашты

"Электр станциялары" ишканасынын башкы директору Жолдошбек Ачикеев кызматтан кетти. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, Ачикеев жумуштан кечээ, 1-февралда, өз каалоосу менен арыз жазып кеткен. Аны директорлор кеңеши кабыл алган.

"Ордуна ошол эле ишканада башкы жетекчинин биринчи орун басары болуп иштеген Таалайбек Бектенов келди", — деп айтылат маалыматта.

Ачикеев "Электр станциялары" ишканасын 2020-жылдын 27-февралынан бери башкарып келе жаткан.


sputnik