Премьерликке талапкер Марипов 6 министрди кыскартарын айтты

1 февраля 2021 Премьерликке талапкер Марипов 6 министрди кыскартарын айтты

Өкмөттүн жаңы түзүлгөн курамында айрым кызматтар кыскартылат. Бул тууралуу премьер-министрликке сунушталган талапкер Улукбек Марипов көпчүлүк коалициянын жыйынында билдирди.

Анын айтымында, учурдагы өкмөттүн 22 мүчөсү 16га чейин кыскарат. Ал эми өкмөттүн алдындагы агенттик жана башка ведомстволордо кординалдык реформа жүргүзүлөт.

Марипов кыйсы кызматтар кыскартыла турганын ачык айткан жок.

Учурда Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы премьер-министрлик кызматка талапкерлигин карап жатат. Өкмөттүн жаңы курамы кийинчерээк парламентке киргизилери маалым болду.

Мындан сырткары, ал Энергетика жана өнөр жай министрлиги негизделе турганын кошумчалады.

sputnik