Гемодиализ алып жүргөн 205 бейтап мамлекеттин эсебинен дарыланууга өттү

2 февраля 2021 Гемодиализ алып жүргөн 205 бейтап мамлекеттин эсебинен дарыланууга өттү

Бөйрөк оорусунун 5-стадиясы менен жабыркап, өз каражатына гемодиализ алып жүргөн 205 бейтап эми аны бюджеттин эсебинен ала турган болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Бейтаптар былтыр июнь айынан бери кезекте турушкан. 29-январда министрликтин алдындагы комиссия акысыз дарылана турчу бейтаптарды тандаган. Оорулуулар 1-февралдан тарта бекер жардам алып баштады.

Бүгүнкү күндө өлкөдө бюджеттик негизде 1 896 адам гемодиализ алат, анын ичинен 1613ү Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан, 283ү мамлекеттик-жеке өнөктөштүк багыты менен "Фрезениус Медикал Кеа" гемодиализ борборунан алышат.

sputnik