Мен мамлекеттик кызматта 20 жыл иштедим, ошол эле учурда бир дагы саясий партияга мүчө болгон эмесмин. Бул тууралуу премьер-министрликке талапкер Улукбек Марипов билдирди.
Өкмөт башчылыкка талапкер бул үчүн мамлекетке карыз экенин айтып, өмүрүнүн аягына чейин тикесинен тик туруп иштеп берүү принцибин кармана турганын билдирди.
"Мен мамлекетке ушунчалык карызмын деп эсептейм, себеби мага 20 жыл инвестиция кылды. Мамлекетке өмүрүмдүн аягына чейин тикемден тик туруп кызмат кылышым керек. Эч ким бул дүйнөдөн эч нерсесин көтөрүп кете албайт. Баарыбыз бир жерге барабыз, ошону унутпашыбыз керек. Менде принцип ушундай", — деди Марипов.
Ошондой эле ал бүгүнкү күндө "мен иштейм" деп чыккан адамдар көп болуп жатканын, бирок ошол эле мезгилде кадр табыш кыйын экенин белгиледи.
Аны менен катар Марипов мамлекеттик кызматта иштей турган кадр "таза, тажрыйбалуу жана ниети түз болушу керектигин" белгиледи.