Марипов Алматыдагы форумда сөз сүйлөдү. Козгогон маселелери

5 февраля 2021 Марипов Алматыдагы форумда сөз сүйлөдү. Козгогон маселелери

Евразия экономикалык биримдигинин санариптик мейкиндигин түзүү үчүн бул багыттагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга дем берүү керек. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов Алматы шаарында өтүп жаткан "Санариптик кайра жүктөө: жаңы реалдуулуктагы рынок" санариптик форумунда билдиргенин өкмөттөн кабарлашты.

Жыйынтыгында Марипов форумда көтөрүлгөн бардык демилгелер ишке ашырылып, биргелешкен кызматташтыкты өнүктүрүүнүн пайдубалын чыңдоого жана биргелешкен максатка жетүүгө өбөлгө түзүлөрүнө ишеним артты

Анын айтымында, товарлардын эркин жүрүшүн, транзиттик потенциалды өнүктүрүүнү, экспортту, жарандардын эркин жүрүүсүн камсыздоо милдеттерин чечүү үчүн интеграцияны өнүктүрүүгө багытталган санариптик демилгелерди колдоого алуу зарыл.

"Эл аралык кызматташууга карай муктаждык киберкоопсуздук жана персоналдык маалыматтарды коргоо маселеси жаралгандыгына байланыштуу көбүрөөк пайда болууда. Киберкоопсуздук маселесин киберкоркунучтардын глобалдуу, трансулуттук мүнөзүн эске алуу менен чечүү зарыл. Ошондой эле санариптик рыноктор индустриясынын, Евразия экономикалык комиссиясынын жана интеграциялык бирикмеге мүчө-өлкөлөрдүн өкүлдөрүнүн пикир алышуусу үчүн туруктуу аянтча уюштуруу максатка ылайык келет", — деди Марипов.

Өкмөт башчы ошондой эле Кыргызстан тараптан бизнести өнүктүрүү, санариптик технологияларды ишке киргизүү менен жарандардын жашоо ыңгайлуулугу үчүн шарт түзүү жана ачык санариптик коом уюштуруу боюнча активдүү чаралар көрүлүп жатканына токтолгон.

Жыйынтыгында Марипов форумда көтөрүлгөн бардык демилгелер ишке ашырылып, биргелешкен кызматташтыкты өнүктүрүүнүн пайдубалын чыңдоого жана биргелешкен максатка жетүүгө өбөлгө түзүлөрүнө ишеним артты.



sputnik