Жанылыктар

Сабырбек Жумабеков: май таманды убагында дарылабаса бут жалпайып кете берет

Майда деп маани бербей, бирок адамдын баскан-турганына кадимкидей терс таасирин тийгизген май тамандуулук оорусу бар. Бул негизинен тукум кууй турган дарт.

25 декабря 2020
Кыргызстандын тоолорунда беш кишиден турган үй-бүлө жоголуп, милиция издөөдө

Ушул жылдын сентябрь айында Николай Дививи аттуу киши кош бойлуу жубайы жана жашы жете элек үч баласы (11, 6 жана 5 жаштардагы) менен Ош жана Жалал-Абад облустарынын чектешкен жериндеги тоого кеткен боюнча байланышка чыккан эмес.

25 декабря 2020
Шубасы 5000, өтүгү 1000 доллар. Ташиевдин сотторго тиш кайраган видеосу
Шубасы 5000, өтүгү 1000 доллар. Ташиевдин сотторго тиш кайраган видеосу

УКМК төрагасы сотторго катуу тиш кайрап, баасы асман чапчыган автоунааларды жана хан сарайларды кайсы акчасына алганын териштире турганын билдирди.

25 декабря 2020
Мындай каралоо туура эмес! Жогорку сот Ташиевдин айыптоосуна жооп кайтарды
Мындай каралоо туура эмес! Жогорку сот Ташиевдин айыптоосуна жооп кайтарды

Жогорку сот күнөөсүздүк презумпциясы кылмыш ишинин негизги принциби болушу керектигин эскертти. Жарандын айыбы далилденип, сот өкүмү чыкканга чейин шектүү күнөөсүз деп саналары белгиленген.

24 декабря 2020
Ташиев: ЖК депутатын кармадык, ал мамлекетке келтирген чыгымды кайтарып жатат
Ташиев: ЖК депутатын кармадык, ал мамлекетке келтирген чыгымды кайтарып жатат

Жогорку Кеңештин депутаты мамлекетке келтирген ири чыгымдын ордун толтуруп жатат. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйын учурунда билдирди.

24 декабря 2020
Аягына чейин иштесеңиз болмок. Касымалиева кызматтан кеткен Бакировго кайрылды
Аягына чейин иштесеңиз болмок. Касымалиева кызматтан кеткен Бакировго кайрылды

Ал бул кызматта үч жыл отуруп иш үстүндө кемчилик кетирип, кимдир бирөөгө катуу айткан болсо кечирим сурады.

23 декабря 2020
Депутат Ормонов: азыркы бийлик "кустурабыз, төлөтөбүз" дегенди мода кылып алды
Депутат Ормонов: азыркы бийлик "кустурабыз, төлөтөбүз" дегенди мода кылып алды

"Азыр коомдо талап башка, бийликтин болсо сөзү башка болууда. Булар "кустурабыз, төлөтөбүз" дегенди аябай мода кылып алышты. Ишкер байлыгын өзүнүн адал эмгеги менен таптыбы деп эч ким карабай калды. Мыйзамды сактаган киши жок, биз мүлкүн чукуганды, жарыя кылганды жакшы көргөндөрдөн болуп калдык", — деди Ормонов.

23 декабря 2020
Казакстан 25-декабрдан тарта карантиндик чараларды күчөтөт
Казакстан 25-декабрдан тарта карантиндик чараларды күчөтөт

Жекшемби күнү премьер-министр Аскар Мамин Казакстанда коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу боюнча мекемелер менен жыйын өткөргөн.

21 декабря 2020
Дагы бир коло! Айаал Лазарев атаандашын ары-бери тоголотуп уткан видео
Дагы бир коло! Айаал Лазарев атаандашын ары-бери тоголотуп уткан видео

Кыргызстандык эркин күрөштүн балбаны Айаал Лазарев Дүйнө кубогу мелдешинен коло байге алды. Оор салмактагы спортчу байге үчүн кармашта азербайжандык Жамаладдин Магомедовду 11:0 эсебинде утту.

18 декабря 2020
Милиция 560 миң сом айып пул төлөбөй жүргөн унаанын ээсин кармады. Видео
Милиция 560 миң сом айып пул төлөбөй жүргөн унаанын ээсин кармады. Видео

Милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмү "Коопсуз шаардан" келген жарым миллион сомдук айып пулду төлөбөй жүргөн айдоочуну кармады. Бул тууралуу аталган органдын маалымат кызматы билдирди.

18 декабря 2020
Кызым күйөөдөн чыга берип тажатты... Санаага баткан эненин каты
Кызым күйөөдөн чыга берип тажатты... Санаага баткан эненин каты

Ошого жараша алардын түшүнүгү, үй-бүлөлүк баалуулуктарга көз карашы өзгөргөн. Мурун адамдар алгач балдарынын келечегин, негизинен жакындарын ойлошсо, азыр жаштардын көбү керт башын гана ойлойт. Апасы кызынын тагдырына кайгырып, элден уялып жатыптыр.

14 декабря 2020
Кыргызстанда доллардын курсу төмөндөй баштады
Кыргызстанда доллардын курсу төмөндөй баштады

Ноябрь айынын башында доллардын баасы кескин жогорулап, бир жарым айдан бери сатуу 84,9 сомдон түшпөй турган. Аны менен катар эле евро дагы кымбаттап, тарыхта биринчи ирет 103 сомго чыккан.

14 декабря 2020
Ошто 1000 адамга той өткөргөн. УКМК ишкер Жалил Атамбаевди суракка чакырды
Ошто 1000 адамга той өткөргөн. УКМК ишкер Жалил Атамбаевди суракка чакырды

Ишкер Жалил Атамбаев уулун үйлөп, Ош шаарында 1000 адамга үлпөт той өткөрүшү боюнча УКМК териштире баштады. Бул тууралуу аталган органдын маалымат кызматы кабарлады.

14 декабря 2020
13 жашар кыздын зордукталышы: шектүүлөрдү актаган соттун чечими каралабы?
13 жашар кыздын зордукталышы: шектүүлөрдү актаган соттун чечими каралабы?

Акыркы күндөрү социалдык тармактардын колдонуучулары Ысык-Көл облусунун Тоң райондук сотунун судьясы Сабыр Соодонбековдун чечимине нааразы болууда.

14 декабря 2020
Финпол: бир фура контрабандалык жүк кармалып, кызмат адамдары изделүүдө
Финпол: бир фура контрабандалык жүк кармалып, кызмат адамдары изделүүдө

Ош шаарында системалык түрдө жасалып келген контрабандалык схема аныкталды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы (Финпол) билдирди.

14 декабря 2020
Ысык-Атада өрттөн каза тапкандар энеси менен балдары болгон. Сүрөт
Ысык-Атада өрттөн каза тапкандар энеси менен балдары болгон. Сүрөт

Ысык-Атанын Новопокровка айылына жакын сарайда кечээ өрттөн каза тапкан төрт маркум энеси жана кичинекей балдары болгон. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан айтып беришти.

14 декабря 2020
УКМК Финполдун мурдагы төрагасы Бакир Таировду кармады. Себеби
УКМК Финполдун мурдагы төрагасы Бакир Таировду кармады. Себеби

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын (Финпол) мурунку башчысы Бакир Таиров кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

11 декабря 2020
Кыргызстандын негизги көйгөйлөрүн кантип чечсе болот? Новиков менен маек
Кыргызстандын негизги көйгөйлөрүн кантип чечсе болот? Новиков менен маек

Артем Новиков Салык кызматы мындан ары жазалоочу орган болбоого тийиш экенин билдирди. Ошону менен бирге эле айрым бизнесмендер талап кылгандай азыр бардык салыктарды жоюп салууга болбойт.

11 декабря 2020
Элмирбек Иманалиевдин жубайы: жашоо атабыз бардагыдай эмес, сагыныч күч алды...
Элмирбек Иманалиевдин жубайы: жашоо атабыз бардагыдай эмес, сагыныч күч алды...

Бул жолугушууну негизи Элмирбек Иманалиевдин китептеринин бет ачарына болжогонбуз. Бирок Нурзат айымдын шартына байланыштуу жылып отуруп, баарлашуу ушул күнгө буюруптур. Акындын жубайы кеңсеге жалгыз келген жок. Жанында таланттын дал өзүндөй болгон уулу Адылхан бар экен.

11 декабря 2020
АКШнын санкциялык тизмесине Матраимовдун жубайы да кирди. Помпеонун билдирүүсү
АКШнын санкциялык тизмесине Матраимовдун жубайы да кирди. Помпеонун билдирүүсү

"Бүгүн Кыргызстандын экс-чиновниги Райым Матраимов менен жубайынын коррупцияга айыпталып Магнитский тизмесине киргизилгенин билдирем. Биз баарыбыз биргелешип гана коррупцияга каршы туруп, адам укугун бузгандарды жоопкерчиликке тарта алабыз", — деп жазган Помпео.

11 декабря 2020
Бишкекте жол кире акысы кымбатташы мүмкүн деген аткаминерлер иштен алынды
Бишкекте жол кире акысы кымбатташы мүмкүн деген аткаминерлер иштен алынды

Бишкектин транспорт башкармалыгынын жетекчилик кызматтагы эки өкүлү жумушунан бошотулду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

10 декабря 2020
Спецназ "Унаадан" кимди кармаган. Каттоо кызматынын маалыматы
Спецназ "Унаадан" кимди кармаган. Каттоо кызматынын маалыматы

"Унаа" мамлекеттик ишканасынын ичинен Бишкектеги автомектептердин биринин өкүлүн кармашты. Бул туурасында Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.

10 декабря 2020
"Эркеч-Тамга" барган Новиков: жүк декларациясын адам толтурбашы керек
"Эркеч-Тамга" барган Новиков: жүк декларациясын адам толтурбашы керек

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер Артем Новиков Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында "Эркеч-Там" көзөмөл-өткөрүү жайы аркылуу жүк ташуучу транспортту өткөрүү жана эсепке алуу тутуму менен таанышып, анын бир катар кемчиликтерин белгиледи. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

10 декабря 2020
Адаштык. "Дженгонун" тобундагы адамдар кылмыш дүйнөсүнөн баш тартты. Видео
Адаштык. "Дженгонун" тобундагы адамдар кылмыш дүйнөсүнөн баш тартты. Видео

"Мурда адашып туура эмес жолго түшүп кеттим. Бүгүндөн баштап кылган күнөөмдү сезип, мыйзамга баш ийип жашайм", — деди экинчиси.

10 декабря 2020
Финполдун спецназы "Унаа" ишканасына эмнеге келди. Сүрөт
Финполдун спецназы "Унаа" ишканасына эмнеге келди. Сүрөт

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финпол) атайын даярдыктагы бөлүгү "Унаа" ишканасында экенин күч структураларындагы ишенидүү адамдар билдирди. 

10 декабря 2020
Текебаев: референдум маселесин бүгүн кароого болбойт, кийин төрага жооп берет
Текебаев: референдум маселесин бүгүн кароого болбойт, кийин төрага жооп берет

Жогорку Кеңештин айрым депутаттары "Кыргызстандын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өткөрүү тууралуу" мыйзам долбоорунун бүгүн экинчи окууда каралышына каршы болууда.

10 декабря 2020
Бизнес-форумда англисче суудай сүйлөгөн кыргыз министрлери
Бизнес-форумда англисче суудай сүйлөгөн кыргыз министрлери

Кыргызстандын билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев жана айыл чарба министри Тилек Токтогазиев Кыргызстан - Пакистан бизнес-форумуна катышып жатышат.

10 декабря 2020
Кыргызстан — Кытай чек арасындагы "Торугарт" пункту жабылды
Кыргызстан — Кытай чек арасындагы "Торугарт" пункту жабылды

Кытай тараптын демилгеси менен бүгүн, 10-декабрда, чек арадагы "Торугарт" (КР) – "Тургат" (КЭР) көзөмөл-өткөрүү жайларынан автоунааларды да, адамдарды да өткөрүү токтотулду. Бул туурасында Чек ара боюнча мамлекеттик кызматтан кабарлашты.

10 декабря 2020
Уят, уят... Депутаттарды ЖК эшигинин алдынан митингчилер тосуп алды. Видео
Уят, уят... Депутаттарды ЖК эшигинин алдынан митингчилер тосуп алды. Видео

Активисттер бүгүн эртең менен "шылдың килемин" төшөп коюшкан. Акция уюштургандар имараттын чыгыш жактагы кире беришинде эки тарапка тизилип, жумушка келген депутаттарды тосуп алышууда.

10 декабря 2020
АКШ Райымбек Матраимовго санкция салды
АКШ Райымбек Матраимовго санкция салды

АКШнын Каржы министрлиги Кыргызстандын Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго санкция киргизди. Бул тууралуу маалымат Кошмо Штаттардын Каржы министрлигинин расмий сайтына жарыяланды.

10 декабря 2020
Эл аралык эксперттер Гүлнара Каримованын активдерин өзбек элине кайтарып берүүгө чакырышты
Эл аралык эксперттер Гүлнара Каримованын активдерин өзбек элине кайтарып берүүгө чакырышты

Эл аралык эксперттер тобу 9-декабрда белгиленген коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнүн алдында Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ), Европа биримдигине (ЕБ) жана Европа өлкөлөрүнүн өкмөттөрүнө кайрылышты.

10 декабря 2020
11 айдын ичинде Орусиядан Өзбекстанга 211 мигранттын сөөгү жеткирилди
11 айдын ичинде Орусиядан Өзбекстанга 211 мигранттын сөөгү жеткирилди

Быйыл январдан ноябрь айына чейин Өзбекстанга Орусияда каза болгон 211 мигранттын сөөгү жеткирилди. Бул тууралуу өлкөнүн ишке орноштуруу жана эмгек мамилелери министринин орун басары Баходир Умрзаков билдирди.

10 декабря 2020
Жогорку Кеңеш референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоорду биринчи окууда жактырды
Жогорку Кеңеш референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоорду биринчи окууда жактырды

Вице-спикер Мирлан Бакиров маселе добушка коюлуп, өткөнүн айтты. Бирок канча депутат колдогону белгисиз. Себеби электрондук эсептөөнү көрсөткөн залдагы мониторлор иштебей калган. Мыйзам долбоору 3-декабрда каралган.

9 декабря 2020
Байтиктеги мектеп-интернаттын балдары жапырт ууланып, ооруканага түштү
Байтиктеги мектеп-интернаттын балдары жапырт ууланып, ооруканага түштү

Чүй облусуна караштуу Байтик айылында жайгашкан мектеп-интернаттан 23 киши ууланып ооруканага түштү. Маалыматты Саламаттык сактоо министрлиги тастыктады.

9 декабря 2020