Референдумда президенттик башкарууну тандагандар утуп чыкты. Соңку маалымат

10 января 2021 Референдумда президенттик башкарууну тандагандар утуп чыкты. Соңку маалымат

Референдумдун алгачкы жыйынтыгы боюнча президенттик башкарууну тандагандар утуп чыкты. Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Саат 20:45ке карата алынган маалымат боюнча, референдумга 1 140 249 жаран катышканы аныкталды. Бул жалпы шайлоочулардын 32 пайызын түзөт. Бул цифралар 2003 автоматтык урнанын берген маалыматына карап чыккан. Башкаруу формасын тандаган референдум өттү деп таануу үчүн шайлоочулардын 30 пайызы (1 миллион 69 миң жаран) катышышы керек болчу.

Президенттик башкарууну 81,19 пайызы, ал эми парламенттик башкарууну 10,71 пайызы тандаган. Баарына каршы болгондор 4,39 пайызды түздү.

sputnik