Аягына чейин иштесеңиз болмок. Касымалиева кызматтан кеткен Бакировго кайрылды

23 декабря 2020 Аягына чейин иштесеңиз болмок. Касымалиева кызматтан кеткен Бакировго кайрылды

Вице-спикер Мирлан Бакиров бүгүн парламенттин жалпы жыйынында билдирүү жасап, кызматын тапшырып бергенин жар салды.

Ал бул кызматта үч жыл отуруп иш үстүндө кемчилик кетирип, кимдир бирөөгө катуу айткан болсо кечирим сурады.

"Мен өз ыктыярым менен төраганын орун басары кызматын өткөрүп берүүнү чечтим. Болгон тажрыйба, билимимди жалпы мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн колдонуп иштей берүүгө аракет кылам", — деди Бакиров.

Бирок ал кызматтан кетүү себебин түшүндүргөн жок.

Андан соң биринчи вице-спикер Аида Касымалиева парламенттин аз эле убактысы калганын айтып, "мөөнөтү бүткөнгө чейин иштесеңиз болмок" деп кайрылды. Аны менен катар дасыккан саясатчы, регламентти жакшы билген депутат катары иштерине ийгилик каалады.

Вице-спикерликке "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаты Уланбек Исмаилов көрсөтүлүүдө. Ал үстүбүздөгү жылдын 29-августунда мандат алып, Жогорку Кеңештин депутаты болуп келген.

Бакиров дал ушул "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын мүчөсү, 2017-жылдын 13-декабрында вице-спикер болуп шайланган.

sputnik