Коронавирустун жаңы штаммы. Кыргызстандын медиктери эмне дейт?

5 января 2021 Коронавирустун жаңы штаммы. Кыргызстандын медиктери эмне дейт?

Улуу Британияда пайда болгон коронавирустун жаңы штаммы кыргызстандыктардын да үрөйүн учура баштады.

Акыркы маалыматтар боюнча, оору миңдеген кыргыз жарандары иштеп жүргөн Түркиядан да табылды.

ЖМКларда коронавирустун жаңы штаммы боюнча ар кандай маалыматтар тарап жатат. Аларды адистердин өз оозунан угуу үчүн Sputnik Кыргызстан агенттиги дарыгер-эпидемиолог Айнура Мамбеталиева менен сүйлөшүп, суроолорго жооп алды. 

Дарыгер-эпидемиолог Айнура Мамбеталиева

Мамбеталиеванын айтымында, коронавирустун жаңы штаммы Кыргызстанда каттала элек. Ошентсе да вирустун мутация болгон түрү жөнүндө КР медиктеринин кабары бар.

"Бул оору Улуу Британия, Данияда чыгып дүйнө жүзүнө тарай баштады. Азырынча бизде каттала элек, бирок вирустун жаңы штаммы, анын белгилери тууралуу маалыматтар менен таанышып жатабыз. ДССУнун билдирүүсү боюнча жаңы штаммдын жугуштуулугу буга чейинкиден 70 пайызга жогору. Мындан сырткары, өзүнө тиешелүү белгилери болот экен. Алсак, жаңы штамм булчуңдарды, башты оорутат. Денеге ыйлаакчалар чыгып, кулак жакшы укпай калышы мүмкүн деген божомол бар", — деди Мамбеталиева.

Эпидемиолог вирустун жаңы түрүндө деле буга чейинкидей адамдын дене табы көтөрүлүп, кургак жөтөл коштоп, жыт, даам сезүү жоголо турганын эскертти.

Адис "коронавирустун жаңы түрү балдарга тез жугуп, кооптуу болобу?" деген суроого да жооп берди.

"Биз оору тууралуу билдирменин баарын ДССУдан алып турабыз. "Коронавирустун жаңы штаммы балдарга тез жугат же кооптуу" деген маалымат келе элек. Тагыраагы, андайды уга элекпиз. Болгону жаңы штамм тез тарай турганы гана айтылды", — деди эпидемиолог.

Мамбеталиева КРде коронавирусту дарылоо боюнча медиктердин көбү окуудан өткөнүн айтып, ал эми жаңы штамм боюнча азырынча ак халатчандар жаңыдан гана таанышып жатканын белгиледи.

"Илдеттин жаңы түрүн дүйнөдөгү адистер деле эми-эми изилдеп башташты. Аны дарылоо боюнча суроолорго дарылоо бөлүмүнүн адистери жооп беришет. КРде коронавирусту дарылоонун төртүнчү протоколу бар. Азыр медиктер ошол протокол менен иштеп жатат", — деди дарыгер.

Ал коронавирустун жаңы түрүнөн каза болгон учурлар дүйнө жүзүндө катталгандыгы боюнча маалыматы жок экенин белгилеп, ДССУнун сунуштамалары менен толук таанышкандан кийин дагы кененирээк маалымат бериле тургандыгын кошумчалады.

Дарыгер-эпидемиолог коронавирустан же анын жаңы штаммынан сак болуу үчүн буга чейинки айтылган эрежелерди так аткара берүүнү улантуу зарылдыгына токтолду.

"Кандай болгон күндө дагы бет капты чечпей тагынгыла! Ооруну унутуп эл аралап кетпей, көп адам чогулган жерге барбоону, аралыкты сактоону сунуштайт элем. Ошондой эле колду тез-тезден жууп, бөлмөнү желдетип турууну унутпагыла", — деди Мамбеталиева.

Белгилей кетсек, коронавирустун жаңы штаммы Кыргызстанга чектеш Кытайдан жана Вьетнамдан да табылганы айтылган.

sputnik